Быйыл 11-июль эс алуу күнү болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Курман айт майрамы дем алыш күнүнө туш келгендиктен Кыргызстанда 11-июль – дүйшөмбү да эс алуу күнү болот. Бул тууралуу 29-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Муфтият Курман айт 9-июлда белгиленерин маалымдаган. Бул күн быйыл ишембиге туш келүүдө.

"Эмгек кодексине" ылайык, эгер расмий майрам күнү ишембиге же жекшембиге туш келсе, анын ордуна бир жумуш күнү дем алыш деп жарыяланат. (RK)

Дагы караңыз

Мугалимди сабады деп шектелген беш окуучу аныкталдыНАТО: Орусия коопсуздукка коркунуч жаратууда Кыргызстанда Курман айт 9-июлда белгиленетСириянын Москва колдогон бийлиги Донбасстагы жикчилдерди тааныды