Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Сириянын Москва колдогон бийлиги Донбасстагы жикчилдерди тааныды


Сириянын президенти Башар Асад (солдо) менен орус президенти Владимир Путин.
Сириянын президенти Башар Асад (солдо) менен орус президенти Владимир Путин.

Сирия Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк элдик республикасы" (ДНР) жана "Луганск элдик республикалары" (ЛНР) деп атаган жикчил түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын тааныды.

Бул тууралуу Сириянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен мамлекеттик SANA маалымат агенттиги билдирди.

Муну менен Сирия Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин ичинен Донбасстагы жикчилдердин өз алдынчалыгын тааныган Орусиядан кийинки экинчи мамлекет болуп калды. Буга чейин БУУнун көпчүлүк өлкөлөрү Грузиянын аймагы деп билген Абхазия менен Түштүк Осетиянын бийлиги да Донбасстагы "ДЭР" жана "ЛЭР" түзүмдөрүн тааный турганын жарыялаган.

Сириянын SANA агенттиги президент Башар Асаддын өкмөтү жакын арада Донбасстагы жикчил түзүмдөр менен дипломатиялык мамиле түзүүнү көздөп жатканын билдирди.

Сирияда Орусиянын аскердик контингенти бар. Москва Иран менен бирге Сириядагы жарандык согушта Башар Асаддын режимине аскердик колдоо көрсөтүп, анын бийлигин сактап калууга көмөктөшкөнү белгилүү. Буга чейин Сирия Украинанын Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын да Орусиянын бир бөлүгү катары тааный турганын билдирген.

Орусия Украинанын чыгышындагы жикчил түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын быйыл 21-февралда таанып, көп өтпөй Украинанын башка аймактарына кол салган.

Эл аралык коомчулук жикчилдер көзөмөлдөгөн райондорду Украинанын аймагы деп билет. Жакында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орус президенти Владимир Путин менен чогуу катышкан Петербург форумунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып, расмий Нур-Султан Донбасстагы "квази мамлекеттерди" тааныбай турганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG