Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Мугалимди сабады деп шектелген беш окуучу аныкталды


Саруу айылы. Архивдик сүрөт.
Саруу айылы. Архивдик сүрөт.

Ысык-Көл облусунда мугалимди топтошуп алып сабап кетти деп шектелип жаткан беш бала кармалып, жашы жете элек болгондуктан сурактан кийин үйүнө кое берилди, алар менен тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу 29-июнда “Азаттык” радиосуна облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Окуя 19-июнга караган түнү Жети-Өгүз районунун Саруу айылында болгон.

Райондук милицияга Жети-Өгүз райондук ооруканасынын “Тез жардам” бөлүмүнөн денесинен жаракат алып кайрылган адам тууралуу маалымат түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу ооруканага барганда Саруу айылынын 25 жаштагы тургуну аны айылдын орто мектебинин окуучулуры сабап кетишкенин айтып берген. Бейтап хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Факт боюнча кылмыш иши Жети-Өгүз райондук милициясында “Кылмыш-жаза кодексинин” 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде козголгон.

Райондук милициянын басма сөз кызматы кылмышка шектүү катары Саруу айылынын 2005-жылы туулган беш тургуну аныкталып, кармалганын билдирди.

Мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, физика мугалими Уланычбек Орозобеков сабалганын “Азаттыкка” анын эжеси Айнагүл Арпачиева кабарлаган. Ал “10-классты жаңы аяктаган беш окуучу инимди уктап жаткан жеринен чакырып, арматура менен башка-көзгө койгулап сабап кетишти. Бул окуя көмүскөдө калбашы керек. Окуучулар атайын даярданып келишкен” деп билдирген.

Билим берүү жана илим министрлиги окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 16-июнда жалпы жыйында биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Айрым укук коргоочулар мындай демилгеге каршы болууда. “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, бул мыйзам балалык жалпы коомчулуктун камкордугуна муктаж экени белгиленген БУУнун Балдар конвенциясына жана Кыргызстандын Конституциясына карама-каршы келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG