Жалал-Абадда тез татымдан 23 киши ууланды

Иллюстрация.

Жалал-Абад шаарындагы тез татымдардын биринен шаурма жегенден кийин өзүн начар сезгендер 28-июнда оорукана кайрыла баштаган.

30-июнда уулангандардын саны 23кө жеткенин облустук биргелешкен оорукананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, тез татымдан ууланып ооруканага кайрылгандардын абалы туруктуу, дары-дармектер жетиштүү. Жапырт уулануу боюнча тиешелүү кызматтарга кабар берилип, иштер жүрүп жатат.

Тамактануу жайынын ээлери комментарий бере элек.

Май айында Сүлүктү шаарындагы тойдо 32 адам, Ош шаарында татуу токочтордон отуз адам ууланып, ооруканага түшкөн. (JsA\TB)

Дагы караңыз

Төрөттөн кийин майып болуп калган келин боюнча териштирүү улануудаУкраина жикчил аймактарын тааныганы үчүн Сирия менен мамилесин үздүОкуучулардын тамагын 7 сомдон 14 сомго көтөрүү сунушталды