Театр сыртында жаңырган классика

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук опера жана балет театрынын эмгек жамааты быйылкы жай айында чакан жаңылык жарата алышты. Алар шаар тургундарына жана сырттан келген конокторго өзгөчө концерттик программа тартуулап жатышат.

Мында жаш таланттар тарабынан Жорж Бизе, Петр Чайковский, Луиджи Денца баштаган атактуу композиторлордун чыгармалары аткарылса, балет бийлери да кечени көркүнө чыгарууда. Концерттик номерлер театрдын кадимки чоң сахнасында эмес, маданий жайдын сыртына атайын даярдалган сахнада өтүүдө.