Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:55

"Жөн эле айлык алгандар бар". Театрга жаңы система керекпи?


Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын спектакли. Архивдик сүрөт.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын спектакли. Архивдик сүрөт.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат. Маданият министрлигинин маалыматында, бул театрдагы кызматкерлердин чеберчилигин арттыруу жана ээлеген кызмат ордуна татыктуу экенин баалоо максатында жасалууда.

Буга чейин аталган театрда бир катар чуулуу окуялар болгон. Айрым сынчылар Кыргызстандын классикалык искусствосу эгемендик жылдардан бери эски системанын алкагынан чыга албай жатканын айтышат. Аттестация опера жана балет театрын жаңы системага өткөрө алабы?

"Айлап ырдабай деле айлык алгандар бар"

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү үчүн эл аралык деңгээлдеги комиссия түзүлүп, баалоо иштери өткөн жумада аяктады. Анын жыйынтыгы азырынча белгисиз.

Комиссиянын мүчөсү, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев аттестациядан өткөрүү себебин мындайча түшүндүрдү:

Турдубек Чокиев.
Турдубек Чокиев.

“Эми бул оор жумуш экен. Анткени опера жана балет театрынын чарбалык жагында да, чыгармачыл жагында да буга чейин маселе көп болчу. Жамааттык интригалары да көп экен. Анан муну кандайдыр бир деңгээлде калыпка келтирүү керек эле. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, ага өлкөбүздөгү бир топ көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, мындан сырткары орусиялык опера жана балет тармагынын эки артисти мүчө болду. Биз чыгармачыл багытты карап, артисттерге суроо берип, ырдатып-бийлетип көрүп, бир баллдан он баллга чейин баалап жаттык. Эми аларды Маданият министрлиги эсептеп чыгып, кимди өткөрүп же өткөрбөө боюнча чечим кабыл алышат".

Чокиев өз сөзүндө чет өлкөлүк театрларда деле ушундай эле баалоо системалары барын кошумчалады. Анын айтымында, жакынкы убакытта театр артисттери келишимдик негизинде иштегенге өтүшөт:

“Айрым артисттер системаны алмаштыруу керек деп жатышпайбы. Анткени айрым кызматкерлер пенсиядан кийин деле эс алууга кетпей театрда жүрө беришет экен. Ырдаса ырдап, ырдабаса жөн эле айлыгын алып жүрө бергендери бар экен. Ошондуктан эми кызматкерлер контракттык негизге өткөрүлөт”.

"Советтик эрежелер дагы деле күчүндө болуп келди"

Аттестация театрдагы эски системаны өзгөртөт деп ишенгендер бар. Аталган театрдын башкы балетмейстери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Канат Надырбектин айтымында, театрдын ишмердиги эгемендик жылдары көп деле өзгөргөн эмес. Эски системанын сакталып келатканы көптөгөн жаңжалдарга себеп болгон.

Канат Надырбек.
Канат Надырбек.

“Мен бул жерге 2023-жылы келип, системаны ичинен көргөндө эмне үчүн алдыга жылбай жатканыбызды түшүндүм. Бизде баары куру сөз бойдон калып келди. Мени бул жакка чакырып, көп нерсени убада кылышкан. “Сен эң негизгиси өзүңдү колго алып, деңгээлиңди көрсөт” дешкен. Бирок XXI кылымда эски система менен иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүү мүмкүн эмес. Тактап айтканда, биздин мыйзамдар боюнча контракт менен иштөөгө укугубуз жок болуп, советтик эрежелер дагы деле күчүндө болуп келди. Бул аттестацияга ошондуктан үчүнчү жактардын, тактап айтканда, Орусиядан да адистердин чакырылганы туура болду. Анткени биздин буга чейинки аттестациялар улгайган артисттердин көпчүлүгү комиссияда тааныш-билиши бар болгондуктан, кайрадан эле жумушунда кала беришчү", - дейт ал.


Канат Надырбек мекенине кайтып келгенге чейин бир топ убакыт чет өлкөдө иштеп жүргөнү белгилүү. Ал кыргыз балетинин тарыхында Орусиядагы Мариинск театрында башкы бийчи болгон биринчи кыргызстандык. Ал келишимдик система артисттерге эмне үчүн ыңгайлуу болорун мындайча түшүндүрдү:

“Артисттин эмгек акы схемасында кандайдыр бир ставка бар дейли, мисалы, 1000 доллар. Анан сахнага ар бир чыкканы үчүн кошумча бонустар болот, бул кызматкердин дагы да көбүрөөк, жакшыраак иштөөсүнө түрткү берет. Бул система дүйнөдөгү көпчүлүк театрларда колдонулуп келет, анткени анда мыкты атаандаштык бар, артисттер да ага кызыкдар. Бул артисттер үчүн эле эмес, театрда сахнаны жасалгалагандар, тазалык кызматкерлер, билет сатуучулар жана башкалар үчүн да пайдалуу.
Эгер алардын айлыгы 10-15 миң сом болуп жатса, башка жерлерде да иштегендиктен, кечки спектаклге чейин чарчап калышат. Көрүүчүлөр келгенде жылмайганга да алы жок болот. Жыйынтыгында аларга орой мамиле жасашат, милдеттерин татыктуу аткарбайт, тазалык камсыздалбайт. Өзүңөр билесиңер, театр кийим илгичтен башталат.
Азыркы учурда кызматкерлер оорумуш болуп, сыркоо баракчасын көп алып келишет же жумуштан кечиксе, “уктап калыптырмын” деп коюшат. Анан аларды тартипке салуу үчүн рапорт жазуу, комиссия чогултуу сыяктуу убаракерчилик башталат. Келишим системасында жөн гана кийинки жылы мындай кызматкер менен келишим түзбөйсүң, бүттү. Индивидуалдык келишимди үч ай же андан ашык убакытка түзсө болот. Эмгек китепчең да, стажың да кадимкидей кете берет. Орусияда 1998-жылдан бери ушундай система менен иштеп келишет. Эми алдыда буюрса келишим менен иштөө системасына өтүп алсак, бир топ жакшы пландарыбызды ишке ашырабыз деп турабыз”.

"Жекече чечимдер кабыл алынат"

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Мамбетмусаева театрдагы аттестация алдында “Азаттыкка” буларды маалымдады:

Салтанат Мамбетмусаева.
Салтанат Мамбетмусаева.

“Артисттерди контракт негизинде иштөө ыкмасына өткөрүү боюнча көптөн бери талкуулар жүрүп жаткан. Ошондуктан биздин башкармалыктын укуктук камсыздоо бөлүмүнө бул маселени иликтөө боюнча тапшырмалар берилип, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жаңы редакциясына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар иштелип чыккан, азыр күтүп жатабыз. Бул кодекстин 95-беренесинде чыгармачыл кызматкер менен келишим түзүү варианты каралган. Эми ушул багытта иш жүргүзүлөт. Министр алдыда аттестация бүткөндөн кийин артисттердин эмгек акысын жогорулатуу маселесин көтөрөт, бирок труппа кыскарбайт, анткени артисттер ансыз деле аз. Бирок биз жаштарды тарткыбыз келет, себеби бош орун жок болгондуктан алар жумушка орношо албай, бара-бара чыгармачыл шык-жөндөмүн жоготот. Ал эми пенсияга чыкса да ишин улантып жаткан артисттерге карата жекече чечимдер кабыл алынат. Эгерде чыгармачыл тапшырмаларды аткарууга жараса, алар менен кыска мөөнөттүү келишимдер түзүлөт. Бул жолу кимдир бирөөнүн колдоочусу бар экенине карабай, аттестациялоо иштерин аягына чыгарууга аракет кылабыз. Сократтын "Платон менин досум, бирок чындык андан кымбат" деген кеби бар эмеспи”.

Ал арада атын атагысы келбеген театр кызматкерлеринин бири маданий жайда аттестацияга каршы болгондор да бир топ экенин, эгер алдыда кыскартууга дуушар болсо, нааразы тарап чуу чыгарышы мүмкүн экенин айтууда. Бирок ал жыйынтык чыкканча пикирлерин угузбай турууну эп көрүшкөнүн билдирди.

"Акча таба турган театр уюштуруу толук мүмкүн"


Искусство таануучу жана арт-менеджер Акжибек Бейшебаева өз кезегинде опера жана балет театрындагы маселе Кыргызстандагы бүтүндөй маданият тармагына тиешелүү деген ойдо:

Акжибек Баева.
Акжибек Баева.

“Айрыкча мамлекеттен колдоо аз болуп жатса, театр кандайдыр бир жол менен акча табууга тийиш. Труппаны кармап калуу үчүн жетиштүү эмгек акы менен камсыз кылуу керек. Кыргызстанда артисттердин эмгегине татыктуу акы төлөгүдөй акча таба турган театрды уюштуруу толук мүмкүн деп ишенем. Мына, карагыла, биздин театрларда жеке спектаклдерге билеттер 300-500 сом, коммерциялык спектаклдерге бир нече миң сом турат. Ошондуктан биринчи кезекте ата мекендик спектаклдердин билеттеринин баасын көтөрүү керек. Бул кадам театрларда гана эмес, музейлерде, циркте жана башка маданий жайларда да ишке ашырылууга тийиш. Албетте, калктын басымдуу бөлүгү үчүн бул кымбатка турат деген кооптонуулар бар, бирок кандайдыр бир жеңилдиктерди да караштырса болот”.


Эксперт мамлекет тарабынан колдоого алынса, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө Кыргызстандагы маданият мекемелеринин көбү өз алдынча иш жүргүзө алат дейт:

“Бул аларга акча табуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, алардын көпчүлүгүндө эндаумент-фонддору бар (англисче endowment - "белек, тартуу"), ошондой эле маданиятка инвестиция салган көптөгөн демөөрчүлөр жана өнөктөштөрү бар. Мындай демөөрчү болуу бул өлкөлөрдө кадыр-барктуу иш. Ошол эле учурда бул театрлардын билеттери өтө кымбат. Биздин чет элдик кесиптештеринен кем калбаган артисттерибиз болсо аз акчага концерт коюуга аргасыз. Алар өз укуктарын билип, булардын баары жазылган эмгек келишимдерине маани бериши шарт. Ошондой эле театрларга бардык иштерди, коммерциялык жана коммерциялык эмес спектаклдерди бөлүштүрүүнү, ошондой эле келип түшкөн каражаттардын кайда кетип жатканын жөнгө салуучу көз карандысыз, театр кызматкерлери менен байланышы жок байкоочу кеңеш керек”, – дейт Акжибек Бейшебаева.

Абдылас Малдыбаевдин атын алып жүргөн өлкөдөгү жападан жалгыз улуттук академиялык опера жана балет театрында соңку эки-үч жылдан бери эле маал-маалы менен чуулгандуу жагдайлар жаралып келет. Көбүнчө труппа өкүлдөрү менен мекеме жетекчилигинин ортосунда пикир келишпестиктер болуп турган.

2021-жылы март айында “Ак куу көлү” спектакли тартууланардын алдында театрда чыр болгон. Спектакль башталарда жергиликтүү балет бийчилери нааразылык билдирип, сахнага чыкпай коюшкан. Иш-чараны уюштурган “Радужка” коомдук фонду окуяга кыргызстандык труппанын өкүлдөрү Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп болду деп түшүндүргөн. Кыргызстандык артисттер болсо билети кымбат коммерциялык спектаклден аларга эч кандай акча тийбей турганын, бекер иштеп келатканын айтып, нааразылык билдиришкен. Кийин кырдаалды чечүүгө өкмөт да, Жогорку Кеңештин депутаттары да аралашкан.

2023-жылдын аягында опера жана балет театрынын кийинки жетекчиси Алмазбек Истамбаев камакка алынгандан маданий жай кайрадан коомчулуктун көңүл чордонунда калды.

УКМКнын маалыматына ылайык, жетекчиге карата “театрдын карамагындагы мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы” аныкталган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон, учурда шектүү үй камагында.

Буга чейин театрдын каржы ишмердигине байланыштуу көптөгөн жаңжалдарга карабастан, бардык окуялар жетекчилердин кызматтан алынышы менен гана аяктап, башка жетекчи кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө эч качан сөз болбогону жашыруун эмес.

Кыргызстанда классикалык искусство тармагы өлкө эгемендик алгандан бери эле ара жолдо калганы айтылып келет. Албетте, учурда академиялык мектептин өзү жана бул багытты жашоодогу негизги иши катары тандап алган жаш муундун өкүлдөрү бар. Бирок эксперттер бул тармак алдыга жылбай жатканын моюнга алышат. Ага каржылоодогу ыкмалардын эскиргени негизги себеп экенин белгилешет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

  • 16x9 Image

    Наргиза Осмонова

    "Азаттык" радиосунун орус кызматынын веб-редактору. 

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG