Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Кыргыз кыялы: өткөндү баалап, жаңыга умтулалы


Рух-Ордо комплексиндеги балет.
Рух-Ордо комплексиндеги балет.

Мамлекеттик ишмер, академик Осмонакун Ибраимовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Ысык Көл. "Рух Ордо" эл аралык маданий борбору. Акыйкатта, ажайып кооз жер. Расмий түрдө Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбор деп аталат. Кандай жагымдуу угулат! Сыймыктанасың! Быйыл "Рух Ордо" бардык туристтердин көңүл борборунда болду. Он күн бою кечинде көрүүчүлөргө дүйнөлүк балеттин хити "Ак куу көлү" тартууланып турду... Ырас, залга эл батпай калган жок, бирок эл көп эле болду.

Нукура сулуулук. Ысык-Көл, Рух Ордо, Айтматов, Чайковский. Бири-бирин толуктап турат. Ак куулар бийлеп, ары жагынан керемет көлдүн жомоктогудай көгүлтүр өңү табигый көшөгөдөй ачыла баштаганда, сезимдер алып-учуп, сөзсүз бир нерсе жазгың келет. Сезген, баштан өткөргөн, эсте калган нерселерди бөлүшкүң келет, анткени мындайды күндө эле көрө бербейсиң.

Көп нерселер жадыма түштү. Бул кооз, телегейи тегиз укмуш жайды биздин унутулгус ишкер жана айкөл инсаныбыз Ташкул Керексизов курган. Чыңгыз Төрөкулович абдан жакшы көргөн бул жер өзгөчө аура менен чулганган. "Рух Ордого" улуу жазуучунун ысымы ыйгарылганы бардык жагынан төп келип, татыктуу дагы, ылайыктуу дагы болуп чыкты. Анткени Айтматовдун ысымын Ысык-Көлдөн бөлүп кароого болбойт. Алар ажырагыс.

Бирок Ташкул аганын өзүнүн аты-жөнү эч жерде айтылбай калганы өкүндүрбөй койбойт. Бул кайталангыс Ордонун жаратуучусунун бюстун же эстелигин тургузууга да ылайыктуу жер караштыруу зарыл деп ойлойм. Ташкул ага ушул Ордону түптөөгө орошон мээнет жумшап, элине ажайып таберик калтырып, өз атын да түбөлүккө унутулгус кылып кеткен экен. Бул сулуулукту ал узак жылдар бою өз демилгеси менен, мамлекеттен эч кандай каржылык же башка колдоо албай жараткан.

Бишкектин чок ортосунда бир жерге чоң дүкөн куруп алуу, албетте, анын да колунан келмек. Бирок ал оюн-зоок борборлорун жана соода түйүндөрүн эмес, китепканаларды жана концерттик залдарды курууну артык көргөн америкалык филантроп Эндрю Карнегидей иш жасаган.

Ал эми "Рух ордо" азыр Ысык-Көлдүн өзүнөн кийинки эле мухиттин түндүк бөлүгүндөгү эң башкы ажайып жай болуп калды.

Мен дагы бир нерсени эстедим. Бир жолу Чыңгыз Төрөкулович филармониянын сахнасында Ысык-Көлдү сактап калууга каражат чогултуу үчүн кайрымдуулук кечесин алып барып жатып кыялданганы оюма келди. 80-жылдардын башында филармониянын чоң залында Ысык-Көлдүн тартылып баратканы жөнүндө сөз болгон эле. Ошол кезде элдин баары кеп кылып, көлдү сактап калуу үчүн кандайдыр бир фонд түзүлө баштаган. Айтматов бул кайталангыс кыргыз деңизинин баарыбыз үчүн мааниси жөнүндөгү ойлорун ортого салды.

Ал өз кебин Мартин Лютер Кингди Америкадагы улуу адамдардын катарына кошкон атактуу сөзү сыяктуу "Мен... кыялданам..." деп баштады.

"...Мен Ысык-Көлүбүз эзелки кооздугу менен сакталып, элибиз анын жээгинде түбөлүк байырлап, гүлдөп-өссө экен деп кыялданам. Аны цивилизациянын акыркы жетишкендиктери менен жабдып, туш тараптан келген конокторду татыктуу тосуп алсак, үйүбүздө тынчтык орноп, куттуу чамгарагыбызга күн нуру төгүлүп турса..." дегендей мүдөөлөрдү айтты эле.

Чыңгыз Төрөкулович терең кыялга баткандыктан, зал бир саамга дымып калды. Чогулгандар Айтматовдун кыялынын толкунунда тээ ыраакка, алыскы келечекке чабыттап, заманбап курорттордун жаркыраган имараттары курчаган, көгүлтүр суусунда ак яхталар жана түркүн түстүү парустар сүзүп жүргөн Ысык-Көлдүн жээги кандай болорун элестеткендей болушту. Ал эми бул кереметтүү сулуулукка дени сак, күнгө күйгөн бактылуу кыргыздар ээлик кылышат...

Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көлдөгү эстелиги.
Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көлдөгү эстелиги.

Албетте, азырынча мунун эч нерсеси жок, мен атүгүл биз көлгө кандай мамиле кылганыбыз, анын кантип булганып жатканы, "Асман" шаары чындап курула баштаса, дагы кандай булганары тууралуу сөз кылгым да келбейт. Дегеним, жакынкы келечекте Ысык-Көлдүн абалы жакшырып кетпейт окшойт...

Бул кыялданбаш керек дегенди билдиреби? Арийне, жок. Эң башкысы, эртеби-кечпи кыялдар орундалат. Балким, майда нерседей көрүнөр, бирок Ысык-Көлдөгү "Ак куу көлү" да - кыялдын үзүрү.

Ал эми "Рух Ордонун" өзү - Ташкул Керексизовдун эң бийик кыялынын жемиши. Анын кыялы орундалды. Келгендердин баарын кубандырып, таң калтырган, сонуркатып, тамшандырган Ордо пайда болду.

Баса, сандырак аталышын көңүлгө албасак, "Асман" шаарынын идеясы жаман эмес. Ушундай идея мурда да бар эле - Акаевдин тушунда да кеп кылып жүрүшкөн. Чет элден инвестиция тартуу менен Ысык-Көлдө борбор азиялык Монте-Карло сыяктуу бир нерсени куралы деген ой 2000-жылдардын башында Ак үйдүн кеңселеринде айтылып калчу.

Он жылдай мурда ал кездеги кайраттуу экономика министри Темир Сариев экөөбүз Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн бир нече тиреги тууралуу "кыялданганыбыз" эсимде. Мисалы, Ысык-Көлдүн жээгинде Тамчы аэропортун камтып, өйдөкү Тамчы айылынын бош жаткан жээгинде эркин экономикалык аймак макамына ээ болгон "Хан-Теңири-сити" деп аталган чакан курорт шаарчасын куруу жөнүндө кыялданган элек. Көптөгөн соода түйүндөрү, банктары, оюн-зоок жайлары, казинолору жана өз аэропорту бар Американын чыгыш жээгиндеги чакан курорттук шаар Атлантик-Ситиге окшош болсо дегенбиз.

Дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири ошол эле Лас-Вегас Неваданын какшып жаткан чөлүндө салыксыз макамга ээ болгону үчүн гана пайда болгонун эстедик. Ошондо биз "Хан-Теңири-Сити" - толугу менен ишке аша турган долбоор, болгону долбоорду ишке ашыруу үчүн саясий эрк, бийликтин максаттуу аракети жана инвесторлорду кызыктыруу керек деген ойго келдик. Эң негизгиси, инвесторлор үчүн зарыл ыңгайлуу шарттарды түзүп, баштоо керек дегенбиз.

Азыркы жетекчилер да кыялдананат шекилди. Мурдагылардан айырмасы, дароо ишке киришет окшойт. Мунусу жакшы. Бирок "Асманды" колго алгандары өтө эле шашылыш болду. Алар коомдук пикирди да эске алышы керек эле. Экинчиден, шаардын максаты, макамы толук түшүнүктүү эмес. Бул майда дүкөнчөлөр шаары болобу же көл жээгинде ансыз да көбөйүп жаткан коттеждер шаарчасыбы?

Бийлик эмне үчүн аэропорттун аймагы менен Тамчы айылына жакын турган 900 га жерди атайын чакан курорттук шаарчага айландыруу максатында эркин экономикалык аймак түзүү жөнүндөгү 2003-жылы эле кабыл алынган мыйзамды көз жаздымда калтырды?

Ысык-Көл ойдуңундагы эң чоң медициналык радондуу ысык суу Тамчыда жайгашканы эмнеликтен эске алынган жок? Аталган Мыйзамда баары каралган эле го: экономикалык макам, салык жеңилдиктери, экологиялык ченемдер. Тилекке каршы, бизде ар бир жаңы жетекчилик дээрлик баарын нөлдөн баштоого милдеттүү дегенди эреже кылып алдык. Аттиң, кайра эле баягы маңкуртчулук. Жаңы бийлик келсе, ал дагы азыркынын баштагандарын чийип салып, баарын нөлдөн баштайбы?

Мындай хансарай элдин эсебинен жана эң жогорку стандартта эчак курулган болсо да, ал дагы өзүнө жаңы хансарай кура баштайт...

Мен кайрадан кыялдар темасына кайрылайын. Окурман күлбөй эле койсун, бирок мен бул дүйнөдө көп нерселер, кээде эң батыл, дээрлик кол жеткистей нерселер адамдардын мээсинде, кыялында жаралганын баса белгилегим келет. Эң негизгиси, ал кыялдар орундалат. Кеп мына ушунда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан трансконтиненталдык темир жолу бир кезде кыял эмес беле? Ооба, кыял болгон. Камбар-Ата-2 да кыял болчу. Бул тууралуу Турдакун Усубалиев жана Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын эңсеген ондогон адамдар кыялданган.

Азыр бул долбоорлор ишке ашырыла баштады.

Ушул жазда мен премьер-министр Акылбек Жапаровго жолугуп, Бишкектин борборуна жок дегенде бир-эки заманбап бийик имараттарды куруу боюнча көптөн бери даярдалып жаткан долбоорду жандандырууну сурандым. Асман тиреген имараттар Борбор Азияда жаңылык эмес. Астананы, Ташкентти карагыла. 40 кабаттуу имараттардын болушу шарт эмес, 30 же 35тиги жетиштүү. Бизнес борбор, эл аралык соода жана каржы үчүн. Акылбек Үсөнбекович мурдагы "Нарын" ресторанынын ордуна 38 кабаттуу көк тиреген мейманкана салынат деп, мени дароо курсант кылды! Андыктан келгиле, кыялданалы!

Ырас, мен эки "эгиздер" жөнүндөгү эски долбоорду анын эсине салдым. Чүй проспектиси менен Абдырахманов көчөсүнүн кесилишиндеги "Революциянын күрөшчүлөрү" айкели турган жерден алтургай жай да сунуштадым. Бул керемет скульптурага эч качан тийбеш керек – ал жаңы Кыргызстанды символдоштурган келечектеги архитектуралык комплекстин ажарын гана ачат.

Бир сөз менен айтканда, бизге өзүбүздүн кыргыз кыялыбыз керек. Сөзсүз эле америкалык эмес. Саакашвилинин тушунда пайда болгон грузиндердики да эмес. Өзүбүздүкү. Кыргыздыкы. Асыл-айкөл, бийик, дем-дымактуу. Өлкөнүн келечегин көздөгөн. Эң негизгиси, асман-айды чапчыбаган, куру дымактуу эмес. Олуттуу, иш жүзүндө пайдалуу жана үнөмдүү. Болбосо эч нерсеге жетише албайбыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG