Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

"Улуттук опера үчүн күйүп-бышты". Эл артисти келбес жайга узады


Эл артисти Сталбек Алмасбеков менен коштошуу зыйнаты. 7-апрель, 2023-жыл.
Эл артисти Сталбек Алмасбеков менен коштошуу зыйнаты. 7-апрель, 2023-жыл.

7-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Сахна чебери менен коштошуу зыйнатына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жакындары чогулду. Маркумдун замандаштары ал кайталангыс талант, тенор үндүү ырчы болгонун эскерди. 40 жылдан ашуун өмүрүн классикалык искусствого арнаган Алмасбековдун чыгармачыл дүйнөсү тууралуу азыноолак кеп кылабыз.

Мыкты тенор

Сталбек Алмасбековдун кайталангыс үнү, ал багындырган ийгиликтер тууралуу кеп болгондо аны тарбиялаган атактуу устаттары тууралуу айтпай кетүүгө болбос. Алмасбеков советтик жана кыргыз опера искусствосунда өз ысымын жазган атактуу ырчы, СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиевдин көздөй шакирти. Келечектин белгилүү тенору андан 1970-74-жылдар аралыгында Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан таалим алган.

Билимин андан ары тереңдетүүнү көздөгөн талант 1979-жылы коңшу Казакстандын Алматыдагы Курмангазы атындагы казак мамлекеттик консерваториясында советтик жана казакстандык атактуу опера ырчысы Бекен Жылысбаевден сабак алат. Италиядан билим алып келген Жылысбаев Токтоналы Сейталиевди да окуткан.

Сталбек Алмасбеков 1982-жылы Алматыдан окуп келгендин кийин өмүрүнүн соңуна чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында эмгектенди.

"Улуттук опера үчүн күйүп-бышты"

Алмасбеков театрда коюлган дүйнөлүк классикалык чыгармаларда да, улуттук операларда да бир нече башкы каармандын партияларын ырдаган.
Тенор ырчы Жузеппе Вердинин "Аида", "Отелло", Жакомо Пуччининин "Чио-Чиосан", Жорж Бизенин "Кармен" операларынан, ошондой эле Владимир Власов, Абдылас Малдыбаев, Владимир Ференин "Манас" операсынан Сыргактын, Алмамбеттин, "Айчүрөк" операсынан Күлчоронун, "Ажал ордуна" операсынан Бектур, "Токтогул" операсынан Керимбай, Сатылган Осмоновдун "Сепил" операсынан Туйгун баатырдын партияларын жогорку чеберчиликте аткарган.

Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин айтымында, Алмасбеков соңку отуз жыл ичинде кыргыз сахнасында улуттук опералар дээрлик коюлбай калганына ичи ачышып, бул маселени байма-бай көтөрүп келген.

Турдубек Чокиев.
Турдубек Чокиев.

“Чет элдик романстарды аткаруу менен эле дүйнөнү багындырабыз деген опера ырчылары деле арбын да. Ал эми Сталбек "кыргыз композиторлорунун чыгармаларын биз ырдабасак ким ырдайт" деп фанат болуп, күйүп-бышып аткарчу. 30 жылдан бери кыргыз опералары коюлбай калды, биздин театр неге көңүл бурбайт деген маселени көтөрүп жүрдү.
Дагы бир өзгөчөлүгү операда бельканто деп аталган виртуоздук ырдоо ыкмасы бар. Бул айрыкча, Италиянын опера искусствосунда жогору өнүккөн. Сталбек бельканто ыкмасы атактуу ырчы Муса Баетовдун үнүндө кездешкендиктен, анын чыгармачылыгын абдан урматтачу. Сталбек ушундай кооз ырдоону кыргыз опера мектебине киргизүүнү каалачу эле. Башкача айтканда, Италия мектеби менен кыргыз опера мектебин айкалыштыруу идеялары бар болчу. Дайым изденип жүргөн талант болчу”.

Улуттук опера үчүн күйүп жүргөн Алмасбеков баш болгон сахна адамдарынын мээнети менен кийинки учурда гана “Айчүрөк”, “Ак Мөөр”, “Аста, секин, колукту” баштаган опералар сахнага жаңы дем менен кайтып келгенин классикалык искусствонун күйөрмандары айтып келишет.

Өмүрлүк жарын да өнөрдөн тапкан

Алмасбеков өзүнүн өмүрлүк жары казак кызы Набира Жаксалиеваны да өнөрдөн тапкан. Кош талант Алматыдагы казак консерваториясында окуп жүргөн чакта таанышып баш кошушкан. Экөө ушул кезге чейин эриш-аркак Кыргыз улуттук опера жана балет театрында эмгектеништи.

Кесиптештеринин айтымында, эки өнөр адамы бири-бирин толуктап, жөлөк болуп келишти. Театрда концертмейстер катары узак убакыт кызмат кылган Набира Жаксалиевага эки жыл мурун өлкөнүн "Эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылды.

Сахнада жүргөн 40 жылдай убакыттын ичинде Сталбек Алмасбеков КМШ өлкөлөрүндө жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө гастролдо болгон.
Буга чейин ал аткарган көптөгөн ырлар, романстар Кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып калган. Бул анын элине калтырган мурасы дешет аны таанып-билгендер.

Сталбек Алмасбеков.
Сталбек Алмасбеков.

Мындан сырткары, сахна чебери артына бир топ шакирттерди тарбиялап, азыр алар да элге төбөсү көрүнгөн ырчыларга айланды. Шакирттеринин бири Талант Токомбаев устатын таланттуу ырчы гана эмес, мүнөзү жумшак, адамдык сапаты бийик эле деп эскерет.

“Агайымдан көп сабак алдым. Окуу жайды бүткөнүмө 18 жыл өтсө да ага келип, кеп-кеңешин алып жүрдүм. Сталбек устатымдын адамдык сапаты өтө бийик эле. Баладай таза мүнөзү бар, карапайым болчу. Кээде бизди баласынтып койбой тең-тушундай тамалашалып кетчү. Окуп жүргөн чагыбызды курсагыбыз ачса тойгузуп, кандайдыр бир кыйынчылык жаралса колдоп турчу. Чыгармачылыктын миң кырлуу сырларынан сырткары бизге ар убак жөнөкөйлүктү үйрөттү. "Канчалык бийик учсаң да жерден жем жейсиң, ушуна унутпа" деп калчу. Ушул сөзү эсимде унутулгус болуп калды”.

"Чоң таланттан айрылдык"

Сталбек Алмасбеков менен узак жылдар бирге иштеген композитор, улуттук опера жана балет тетарынын башкы дирижеру Жумакадыр Каниметов аны татыктуу баалай албай калдык деп өкүнөт.

“Өлкөдө лирикалык, драмалык тенорлор көп. Бирок Алмасбековдон ашып түшкөн драмалык тенорлор өлкөбүздө эле эмес Борбор Азия боюнча жокко эсе. Эми минтип өлгөндө эле баалап кала берет экенбиз да. Алмасбековго тирүүсүндө баалуу сыйлыктардын далайын берип койсок деле куп жарашмак. Тескерисинче, бир учурларда андан сыйлык эмес аткара турган партия да аяшкан күндөр да болду да. Анын өмүрдөн өткөнү өтө өкүнүчтүү болду. Чоң устаттардан таалим алган таланттан айрылдык”.

Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти, алдыңкы сахна чебери Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. Жакындарынын айтымында, эл артисти ашказан рагынан улам дүйнө салды.

2003-жылы чыгармачылыктагы үзүрлүү эмгеги үчүн Эл артисти наамы менен сыйланган. Арген үндүү ырчы менен коштошуу зыйнаты бүгүн өзү эмгектенген театрда өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG