Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 04:48

Иманалиев: Кийизбаева чыгаандарды таптаган


Кыргыз ССРинин эл артисти, Ленин ордендүү Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрынын артисти Сайра Кийизбаева. Брянск фронту. 1942-жыл.

2017-жылы Кыргызстандын музыка коомчулугу СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгын белгиледи. Кыргыз операсынын профессионалдык өнүгүшүн Кийизбаевасыз элестетүү мүмкүн эмес. Улуу ырчы - парламент мүчөсү катары коомдук иштерге катышкан, бир топ опера ырчыларын тарбиялап, жаш таланттардын мүмкүнчүлүгүнүн ачылышына ири салым кошкон устат.

Опера өнөрү кыйын кезеңди башынан кечирип турган чакта Сайра Кийизбаева сындуу улуу ырчыларды эстеп, алардын талантын баалоо кийинки муундун милдети.

Сайра Кийизбаеванын ырчылык өнөрү, пенделик сапаттары тууралуу белгилүү музыка таануучу, ырчынын күйөө баласы Ураз Иманалиев менен маек.

"Жарабаса ачык эле айт"

“Азаттык”: Ураз ага, сиз Сайра Кийизбаеванын ыкластуу шакирти, жакын адамысыз. Улуу ырчы менен кандайча таанышып, билип калганыңыздан кепти баштасак...

Иманалиев: 1973-жылдан бери десем болот го. Мен анда Алматыдагы консерваторияда окучумун. Курсташ кызымдын апасы Жамал Омарова деген өзү кыргыз казакстандык ырчы Сайра Кийизбаева менен чогуу жүргөн жакын курбулардан экен. Ошол Жамал апай Сайра Кийизбаевага телефон чалып “Ушундай бала бар, угуп көр, окуусун улантууга шыгы болсо ачык айт, эгер болбосо башын оорутпай жооп бер” деп табыштаган.

Ошентип 1973-жылы июнда бул жерге келдим, сессия болуп аткан. Сайра Кийизбаеваны таап жолуктум, ошондо байкаганым - жөн эле ырчы аял эмес, бир көргөн адамды сүрдөнткөн, жөнөкөй, адамгерчилиги бийик киши экен.

Сайра Кийизбаеванын өмүрү
Сайра Кийизбаеванын өмүрү

Айттым, “Жамал эже сизге бар деди эле”.“Ооба, кел” деп отургузуп, концертмейстерин чакыртты. Ырдап бердим. “Жакшы, документтериңи алып кел, сени 3-курска алалык” деди. Алматыда 4-курста окумак элем, бирок бир курс төмөнгө алышты. Ал кишиден окуп, ырчылык окуусун бүткөнүм менен ырчы боло албадым. Мен опералык ырчылыкты эмес, камералык ырчылыктын окуусун аяктадым. Бизде бул өнөр анча өнүккөн эмес.

Институтту бүтүп, музыкалык окуу жайда иштедим, анан конкурс менен Искусство институтуна которулдум. Аны 1976-жылы аяктап, бир жыл аскерде кызмат кылып, ошондон бери ушул Искусство институтунда иштеп келатам. Үйдө, иште ал киши менен чогуу болуп, жакшы билип калдым. Мүнөзү катуу болчу. Иштеби, үйдөбү, баарыбызга бирдей мамиле кылчу. Ишке талапты катуу койгон, бекем, анан акылдуу аял эле. Мага ал “дагы окушуң керек” дечү. 1986-жылы Москва консерваториясынын аспирантурасына кирдим. Аны бүтүп, мурдагы ишими уланттым. Бул кезде Сайра Кийизбаева театрда эмес, институтта иштеп калган.

Биринчи болуунун жоопкерчилиги

"Кийизбаева биринчи болчу" деп айтышат. Биринчи Айчүрөк, фольклордук ырчылыктан академиялык ырчылыкка өткөн. 1942-жылы бизде Чайковскийдин “Евгений Онегин” операсын коюшкан, ал Татьянаны кыргызча ырдаган. Андан кийин Аида, Лиза ж.б. - дагы отуздай партияны аткарган. Аны "Кыргызстандагы вокалдык өнөрдүн негиздөөчүсү" деп айтышат. Абдылас Малдыбаев, Мариям Махмутова менен чогуу иштешкен.

1941-жылы Малдыбаев Ленскийди, Кийизбаева Татьянаны, Махмутова Ольганы аткарган. Андан кийинки жаштар Марлен Темирбеков, Артык Мурзабаев, Кыдырбек Чодроновдор аны менен чогуу ырдашкан. Ал кезде телевидение жок, ошондонбу, айтор театр көрүүчүлөргө толуп турчу экен. Сайра Кийизбаев мыкты ырчы гана эмес, таланттуу актриса да болгон, сахнада кайталангыс образдарды жараткан. Театрдан педагогикалык ишке которулуп, Искусство институтунда вокалдык кафедра уюштуруп, өмүрүнүн аягына - 1988-жылга чейин ушул жерде иштеди.

Кыргыз операсынын "жылдызы"

“Азаттык”: Ураз ага, Сайра Кийизбаева кыргыз искусствосунун Москвадагы декадаларына 1939-жылы, андан кийинкилерине толук катышкан. Бир нече ирет депутат болуп, коомдук иштерди аткарып келди. Ал кишиде азыркыча айтканда, “жылдыз оорусу” бар беле?

Сайра Кийизбаева
Сайра Кийизбаева

Иманалиев: Мына ушул “жылдыз оорусу” болгон жок. Азыркы жаштардыкындай “жылдыз оорусуна” чалдыкпады. Театрда аны баары жакшы көрүшчү, сыйлашчу. Азыр алар карып калышты, бирок сүймөнчүк менен эскеришет. Чыгармачылык дымак бар болчу, ансыз чыгармачыл адамга кыйын. Айылдан келип опера ырчысы болуш оңойбу? 1958-жылы Москвадагы декадада ырдады. "Опричник" операсындагы Натальянын партиясы үчүн СССРдин эл артисти наамын беришти.

Абдан жөнөкөй болчу. Бир үйдө турчубуз, биздин үй дайым ачык болчу, келген-кеткендердин аягы үзүлбөйт эле. Театрдан келишчү, Жогорку Кеңештин беш чакырылышынын депутаты болду. Александровкадан шайлоочулары үзүлчү эмес. Кеп-кеңеш сурашчу. Ал эч кимге шардана кылбай эле жардам берчү. Биздин театрдын гримчиси Сайра Кийизбаеванын көмөгү менен квартира алган экен. Ошол киши айтып атпайбы, квартирасына чакырса барыптыр. “Келип отуруп, сүйлөшүп, чай ичип, өткөндү эстеп күлүп отурду” дейт. Жөнөкөй, бардык эле айылдан келген кишилердей сүйлөшүп отурганды жакшы көрчү эле.

“Азаттык”: Ураз ага, сиз искусствого өмүрүңүздү арнап жашап келатасыз. Мурдагы учурдагы өнөргө болгон мамиле менен азыркынын ортосунда айырма барбы?

Иманалиев: Азыраак айырмасы бар. Мына, маселен, романсты ырдаш керек. Сайра Кийизбаева отургузуп алып “композитору ким, сөзү кимдики, эмне жөнүндө ырдалат, тигинисин оку, адабияттан өзүңө керектүүсүн тап” деп, өзүн окуткан учурдагыдай талап койчу. Азыр студенттер буга кыйла жеңил карашат. Интернеттен окуп алып, тереңдегиси келбейт, китепканаларга барышпайт. Театрга кем катташат. Көпчүлүгү ишине олуттуу мамиле кылат.

Бирок айрымдары кайсы бир конкурска катышып келгенден кийин эле “жылдыз” болуп алышат. Сүйлөшпөйт, саламдашпайт, биздин кечээки студенттер. Мүмкүн биз да кемчилик кетиргендирбиз, өзүбүзгө да карашыбыз керек. Кандай болгон күндө да кечээкини унутпаган жакшы. Аткаруучу деген философ. Мына менин адистигим - ырчылыкка көнүктүрүү. Романс бир же эки мүнөттө кандай угулушу керек? Мына ушул кыска убакта образ түзүп, бир нерсе тууралуу айтып берүү зарыл. Бул өзү татаал жумуш, дайым ойлонуп жүрөсүң, анан "жаш өттү" дебей, такай окуш керек.

Айтпаса унутуп коюш оңой эле

“Азаттык”: Былтыр Кийизбаеванын 100 жылдык мааракеси өттү. Ушуга коомчулук тарабынан жетиштүү көңүл бурулдубу?

Ураз Иманалиев
Ураз Иманалиев

Иманалиев: Өтө күчтүү деп айта албайм, бирок көңүл бурулду. Маданият министрлигине барып сүйлөштүк, радио-телевидениеден жарыялар берилип, маалымат таралды. Музыкалык окуу жайларда иш-чаралар уюштурулду. Булардын баары бир айга созулду.

“Азаттык”: Улуттук искусствого чоң из калтырган улуу таланттар бар. Бирок алардын эмгегин эскерүү, эстеликтерин коюу жагынан анчалык жакшы иштер жүрбөй жатат. Мына С. Кийизбаеванын аянтта эстелиги жок, коюлушу керекпи?

Иманалиев: Азыр мамлекеттин чама-чаркы чакталуу, каражаты жетишсиз. 100 жылдыгын өткөрдүк, демөөрчү издедик. Маданият министрлиги акча бөлдү, бирок ал аз, андан ашык бере албайт. Биз да жөн отурбай, демөөрчү табышыбыз керек экен. Эстелигин койгончо канча жерден өтөсүң.

Шаардын жетекчилигине кирип, артынан жүгүрүш керек. Андай ишти туугандары жасайт. Мындай ишке кызыккан министрликти көрө элекмин. Ушундай, жагдай. Анан кадам сайын эле жайнатып эстелик да коё албайбыз. Шаарда андай мүмкүнчүлүк жок. Бирок Кийизбаева сыяктуу белгилүү инсандарга шаарда эстелик коюла элек. Жашаган үйүндө мемориалдык тактайча коюлган. Бул тактай, анан “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү эстелик ыраматылык Күлүйпа Кондучалованын аракети менен коюлган. Баары кандай коюлушу керек экенин ошол киши аныктаган. Биз жаш экенбиз, аны билбеппиз. Өкмөткө кирип атып, пенсияда болгону менен Кыргызстан баатыры, кадыр-баркы чоң экен, жасаттырган. Мен ал киши менен тааныш болуп калган тагдырыма ыраазымын.

Залкарлар унутулуп баратат

“Азаттык”: Сайра Кийизбаева деген улуу таланттын дүйнөлүк дебейин, жалпы союздук деңгээлде чыгып калышын сиз кандай шарт-жагдайларга байланыштырасыз?

Сайра Кийизбаеваны өздүк-көркөм чыгармачылыктын жюрисине жетекчи кылып койсо, таланттуу балдар-кыздарды издеп таап келчү. Сукманов, Миңжылкиевди алып келип даярдоо курстарына окутуп, мыктыларды чыгарган.

Иманалиев: "Ал кандайча пайда болгон?" деп атпайсызбы. Олимпиада болгон, ошондон улам алдыга чыккан. Москвадан келген Власов, Ферелер ошондой талантты ачышкан. Алгач ырдатып угуп, музыкалык театрга алып келип, үйрөтүп, чоң сахнага алып чыгышкан. Негизи элдик-көркөм чыгармачылыктан көтөрүлгөн. Ал кезде элдик чыгармачылык күчтүү болчу. Азыр айылда клубдар иштебей калды, жалгыз клуб башчысы отурат. Айтылуу ырчыбыз Токтоналы Сейталиев "улуу ырчылар айылда төрөлүп, шаарда каза болушат" дейт. Чыныгы таланттар эл арасынан чыгат. Ошолорду убагында таап, алып чыгыш керек. Алар менен иштешүү зарыл.

Биздин бүтүрүүчүлөрдөн Германияда, Италияда ырдап жүргөндөр бар. Ысманов Италияда, Райымбекова Германияда ырдап жүрөт. Классикалык музыка жалгыз эле бизде эмес, Батышта деле мурдагыдай популярдуу болбой турат. Анткени баары Интернетте, телефондо отурушат, ушундай деңгээл.

Таланттарды издеш керек. Сайра Кийизбаеваны өздүк-көркөм чыгармачылыктын жюрисине жетекчи кылып койсо, таланттуу балдар-кыздарды издеп таап келчү. Сукманов, Миңжылкиевди алып келип даярдоо курстарына окутуп, мыктыларды чыгарган.

Азыр эми аны эстеген киши жок. Малдыбаев, Махмутова, Кийизбаева, Чодронов унутулуп баратат. Канча убакыт өттү, жада калса бир кече уюштуруп коюшпайт. Муну Маданият министрлиги кылышы керек эле, ал жерде искусство боюнча иштөө бөлүмү бар. Биз барып айтпасак Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгын деле билишпейт болчу. Ушундай жагдай. Биз өз тамырыбызды билишибиз керек го.

Абдылас Малдыбаевдин канча ырлары бар, азыр да ырдалып жүрөт, операларга жазган музыкасычы! Унутулуп баратат. Баары Малдыбаевден башталат. Калгандары кана?

“Азаттык”: Ураз ага, маегиңизге ырахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG