Кыргызстандын жарандыгына 1270 киши кабыл алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 20-июлда Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Аларга ылайык, 1270 адам (анын 238и балдар) кыргыз жарандыгын алды. Алардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар.

Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен 57 киши (экөө бала) жарандыктан чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдын күзүндө президенттин жарлыгынын негизинде негизинен этникалык кыргыздардан турган 800дөй адам кыргыз жарандыгын алган.

Учурда өлкө калкынын саны – 6,7 млн. киши. Этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерде жашайт. (КЕ)

Дагы караңыз

Январь окуяларына айыпталып кармалган өзбекстандык шарттуу кесилдиЕвропадагы эксперттер Германиядан Украинага курал жеткирүүнү талап кылдыКыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери келе баштадыСот Куреновду шарттуу бошотуу тууралуу арызды 25-июлда карайт