Жамалдинов Оштогу такси айдоочуларына байланыштуу чара көрүүнү тапшырды

Зиядин Жамалдинов.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов "Ош" аэропортундагы жана "Достук" чек ара өткөрүү пунктундагы такси айдоочулары менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы жагдайга байланыштуу жыйын өткөрүп, туристтердин коопсуздугун сактоону, алар үчүн шарттарды түзүүнү тапшырды.

Бүгүн, 5-августта өткөн жыйынга обулустук милициянын, чек ара кызматынын жана бажы кызматынын жетекчилери катышкан.

“Ош" эл аралык аэропорту аркылуу каттаган башка өлкөнүн жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун сактоо биздин милдет. Акыркы коомчулукта сөз болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жоюу боюнча тезинен иш алып барышыбыз керек. ИИМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы "Ош" эл аралык аэропортунундагы таксистерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипке чакырыңыздар. Ал эми аша чапкан айдоочулар болсо мыйзам чегинде чара көрүңүздөр”, - деген Зиядин Жамалдинов.

Ошондой эле такси айдоочулары өзүм билемдик менен коюп алган 500 сом жол кирени арзандатып, бирдиктүү бааны киргизүү жана "Ош" эл аралык аэропортунан "Достук" чек ара бекетине каттаган жарандар үчүн өзүнчө маршруттук каттам киргизүү сунушу айтылды.

Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан видео кайрылуу жолдоп, алардын өкүмзордугуна даттанышкан.

Телеграм каналдарга 2-августта жарыяланган кайрылууда Орусиядан "Ош" эл аралык аэрпортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды такси айдоочулары зордоп машинесине салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылган.

Мындан эки ай мурун Зиядин Жамалдинов "Достук" чек ара бекетине барган. Ал жерде кыргыз чек арачылары тарабынан өзбекстандык жарандардан пара талап кылынганы жана айдоочулардын мажбурлап таксиге отургузган учурларды териштирген эле. Бирок анын жыйынтыгы белгисиз бойдон калган. (ArN)

Дагы караңыз

АКШ маймыл чечегин өзгөчө кырдаал катары жарыяладыПрезидент сотторду жарандык коомдон качпай, биргелешип иштөөгө чакырдыУкраинанын Донецк облусунда кармаш күчөдүБайден америкалык баскетболчуга Орусияда чыккан өкүмдү айыптады