Зулушев бир кишиге 360 эпизод менен иш козголгон учурлар бар экенин айтты

Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев күч органдарынынын кызматкерлеринен кылмыш ишин козгоо, бетин ачуу боюнча отчет талап кылуу жоюларын маалымдады. Ал 5-августта Чүй жана Токмок шаарынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда отчет үчүн жасалма кылмыш иштери козголгон учурлар көп экенин билдирди.

“Отчеттогу салыштырма дегенди жойдук. "Былтыркы жылга салыштырмалуу" деген көрсөткүч быйыл болбойт. Анткени кылмыштуулук өндүрүш эмес. Ички иштер органдарына талап койдум, министр ишин баштады. Эми булар дагы отчетту кубалап жасалма кылмыш ачышпайт. Мисалы, шаарда бир адамга 360 эпизод менен иш козгоп жатышат. Ал күнүгө кылмыш жасаганбы? Өнүккөн өлкөлөрдө кылмыштын бети 30% чейин ачылат. Бизде 70% ачылат. Анда эмнеге мыйзамсыздык бизде көп? Жасалма отчетту токтотушубуз керек”, - деди Зулушев.

Улуттук статистика комитетинин сайтында өлкөдө жарым жылдын ичинде жалпы 23 миң кылмыш катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,7% аз дегенди түшүндүрөт. Расмий статистикага ылайык, опузалап акча талап кылуу 2,5%, алдамчылык 24%, жалпы өзгөчө оор кылмыштар 30% азайды. Өлкөдө 2022-жылдын алты айында мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу уурулук 1,4%, карактоо 15%, тоноо 5% көбөйгөн. Булар бардык кылмыштардын жалпы санынын 73% түзөт. Бирок жакында эле ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштар 47% азайганын маалымдаган болчу. (TSh)

Дагы караңыз

Беларуста нааразылык акцияга катышкан журналист өлкөдөн чыгып кеттиКыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилдиМелитополдо Орусиянын 100дөн ашык аскери набыт болгону кабарланды