Ошто жети тонна кара куурай жок кылынды

ИИМ тараткан сүрөт.

Оштогу Жапалак айыл аймагындагы 16 гектар жерде жапайы өскөн кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

8-августан 12-августка чейин Ош аймагында “МАК-2022” деп аталган атайын операция жүргүзүлүүдө. Анда кара куурай өскөн жерлер аныкталып, жок кылынат.

ИИМдин буга чейин берген маалыматында Кыргызстандын аймагында кара куурай (марихуана) 10 миң гектардан ашуун жерде өсөт. Жылына аларды жок кылууга күч кызматкерлери тартылат. Жапайы өскөн кара куурайдан дагы баңгизат даярдалып көмүскөдө сатылары айтылат. Өлкөдө аны өстүрүү жана колдонууга тыюу салынган. (TSh)

Дагы караңыз

Мектептерде дин тарыхын окутуу боюнча 2600 мугалим даярдалатБеларустагы элдик толкундоолорго эки жыл болду Зеленский Батышты орусиялыктарды киргизүүгө тыюу салууга чакырдыАдвокат: Викрам Рузахуновду казак прокуратурасы чакыра элек