Кытай аскерлерин Орусияга аскердик машыгууларга жөнөтөрүн билдирди

Орусиянын, Кытайдын, Беларустун, Армениянын, Пакистандын жана Мьянманын биргелешкен аскердик машыгуулары. 2020-жылдын сентябрь айы.

Расмий Бээжин аскерлерин Индия, Беларус, Монголия жана Тажикстан сыяктуу бир катар өлкөлөр катышкан Орусиядагы биргелешкен аскердик машыгууларга жөнөтөрүн билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Коргоо министрлиги 17-августта билдирип, машыгууга катышуу “учурдагы эл аралык жана аймактык кырдаалга тиешеси жок” деп кошумчалады.

“Машыгуунун максаты – ага катышкан өлкөлөрдүн армиялары менен достук кызматташтыкты тереңдетүү, катышуучу тараптардын өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу жана коопсуздуктун ар кандай коркунучтарына жооп берүү жөндөмүн күчөтүү”, — деп айтылат маалыматта.

Орусиянын Украинага каршы согушуна жооп иретинде санкцияларды киргизүүдөн баш тарткан өлкөлөрдүн арасында Кытай да бар.

2022-жылы июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен кытайлык кесиптеши Ван Иге Бээжиндин орус-украин согушунда бейтарап позицияны карманганына кошулбай турганын айтып, “Кытай Орусия тарапта болгонуна” тынчсыздануусун билдирген.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес. (BTo)

Дагы караңыз

Токтогулда милиция кызматкери сүзүп кеткен киши каза болдуРезников: Крымдагы Орусиянын базаларына сокку урууга чектөө жок Ноокатта көз жарган секелекке байланыштуу тергөө башталды Депутат Бекешев блогердин камалышына байланыштуу пикирин билдирдиӨзбекстан менен Тажикстан 26,6 миллион долларлык келишим түзүштүОрусиянын аскерлери Николаев шаарындагы университетке сокку урду