Элчи Кадыркулов Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды

Идрис Кадыркулов жана Владимир Зеленский, Киев, 17-август, 2022-жыл.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов аталган өлкөнүн башчысы Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу украин президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып ушул жылдын башында дайындаган.

Анын алдында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети анын талапкерлиги колдогон эмес, жыйында ага депутаттар атайын кызматтын жетекчилигинен кеткен себеби, андагы иштери тууралуу суроолорду беришкен.

Кадыркуловдун бул кызматка парламенттин макулдугу жок дайындалышы талкуу жараткан.

УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.

Дагы караңыз

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Львовго келди Ошто "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү мөөнөтү создукту Ислам шериктештиги оюндары: кикбоксчу Адилет Улан уулу күмүш байге алдыСадыр Жапаров: курултайга делегат тандоого бийлик аралашпайтТүркия менен Израил дипломатиялык алаканы толук калыбына келтиретГрузия: бейөкмөт уюмдар орусиялыктарга виза режимин киргизүүнү сунуштады