Зеленский: Крымды эч ким менен кеңешпей эле кайтарып алабыз

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде өткөн “Крым платформасынын” экинчи эл аралык саммитинде сүйлөп жатып, Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы "кандай гана жол менен болбосун Украинанын көзөмөлүнө кайтарыла турганын” айтты.

Ал "Кремл эч качан диалог жөнүндө ойлобогонун, согушка гана даяр болгонун" белгилеп, Орусия менен сүйлөшүүлөр тууралуу "сөз да болушу мүмкүн эмес экенин" айтты.

"2014-жылы алар өлкөбүздү басып алууну чечишти жана дүйнө аларды бетке чапкан жок, ошондуктан алар андан ары кетишти. Эми биз бетке чабабыз", - деген Зеленский "Орусияны тынчтандыруу үчүн" фронттун линиясын "тоңдуруп" коюуга Украина макул эмес экенин кошумчалады.

Зеленский Крым кайтарылгандан кийин Украина менен бирге Европа Биримдигинин бир бөлүгүнө айланарын жана жарым аралда жашаган элге "чоң мүмкүнчүлүктөр" ачыла турганын белгиледи.

"Крымдын жолдору бүткүл Европа континентинин жолу болот, Крымдын порттору бүткүл Европанын порттору болот, Симферополду Берлин менен, Ялтаны Неаполь менен байланыштырууга Украина гана жөндөмдүү", - деди украин президенти.

Киевдеги "Крым платформасы" саммити онлайн-форматта өттү. Ага 60 өлкөнүн президенти, премьер-министри, саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Дагы караңыз

"Оккупацияланган жерде туубуз кайра желбирейт". Украинадагы Туу күнү

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери эки тарап тең жоготуулар тууралуу маалымат берүүдөн карманып келет. Акыркы жолу апрелдеги билдирүүсүндө украин президенти Владимир Зеленский согушта 3 миңдей аскер өлгөнүн, 10 миңдейи жарадар болгонун айткан.

Ошол эле маалда Москва аскерлердин өлүмү тууралуу маалыматтарды жаңылабай жатат. Орус тарап 25-мартта 1351 жоокери өлгөнүн билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужний Орусия кол салган алты айдан бери дээрлик 9 миңге жакын украин жоокери каза болгонун жарыялады. Бул тууралуу ал 22-августта атайын форумда сүйлөп жатып айткан.

Дагы караңыз

Орус драма театрынын жетекчиси алмаштыОрусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилетПольшанын президенти "Түндүк агым - 2" газ куурун алып салууну колдодуОрусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилдиКанада дагы 62 орусиялыкка каршы санкция салды