Ысык-Көлдө балык уулоочу торлор жок кылынды

Көлдү тордон тазалоо иштери. 2022

Ысык-Көлдө балык уулоочу синтетикалык торлор жок кылганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түп районунун Маяк айылынан, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылына чейинки жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Чоң-Өрүктү айылдарынын аймактарында жалпы узундугу 27,5 миң метрден ашуун балык уулоочу торлор чыгарылып, жок кылынды.

Иш-чара көлдүн акваториясында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу жана аныктоо максатында жүргүзүлдү.

Буга чейин облустун ички иштер башкармалыгы көлдү мыйзамсыз балык уулагандардын торунан тазалоо рейди башталганын кабарлаган.

Ысык-Көл милициясы жыл башынан бери экологиялык коопсуздук багытында 100 кылмыштын бети ачылганын билдирди. Аныкталган фактылар боюнча 64 кылмыш иши козголуп, анын 16сы боюнча тергөө бүтүп, сотко өткөн. Жалпы материалдык зыян 2 млн. 970 миң 522 сомду түзгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

АКШ Украинанын аймактарында жасалма референдумдар болорун эскерттиДСУ: Украинада согуш башталгандан бери медициналык мекемелер 437 жолу чабуулга учурады Бишкектеги мектеп директорлору 30-августта тандалатЧолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны башталатЗеленский вокзалга жасалган чабуулдан 22 адам каза болгонун билдирди