Швецияда 300 адамды ташып бараткан паромдо өрт чыкты

Швециядагы Stena Line компаниясынын паромдору. Иллюстрациялык сүрөт.

29-августта Швецияда 300 адамды ташып бараткан паромдо өрт чыкты. Бул тууралуу расмий бийлик кабарлап, өрттүн масштабы анча чоң эмес экенин билдирди.

SVT телеканалы билдиргендей, от тутанган кезде кеме Балтика деңизинде Готланд аралынан анча алыс жерде болгон. Aftonbladet гезити өрт паромдун палубасында автоунаанын дөңгөлөгү күйүп кеткенден улам чыгышы мүмкүн экенин жазды.

Stena Line паром иштетүүчү компаниясынын өкүлү ушул эле медиага билдиргендей, алар өрт чыкканы тууралуу кабардар болушкан. Өрт өчүрүлүп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Швециянын Деңиз администрациясынын маалыматына ылайык, өрт чектөөгө алынган. Түтүн чыгып жатканына карабай жалын чыкпаганын, өрт чакан эле экени маалымдалды.

Паром – адамдарды, жүктөрдү, автоунааларды дарыялардан, көлдөрдөн жана кысыктардан өткөрүүгө ылайыкташкан жалпак калаксыз кайык же сал формасындагы кеме. (ErN)

Дагы караңыз

Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча жыйын өттү Кыргызстандын Эгемендик майрамы Чуңкурчак жайлоосунда өтөтАКШ Айга ракета учуруу мөөнөтүн артка жылдырдыБишкекте эгемендик күнүн белгилөөгө 2 миллион сом сарпталат"Эгемендиктин баркына жетүүнү эскерткен коркунучтар көп"