Жапаров менен Мирзиёев эки өлкөгө тиешелүү ири долбоорлорду талкуулады

Кыргыз-өзбек мамлекет башчыларынын жолугушуусу. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев 15-сентябрда Самарканд шаарында жолугуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата - 1 ГЭСинин долбоору жөнүндө талкуулашты. Бул тууралуу Жапаровдун администрациясы маалымдады.

Эки президент бул ири долбоорлорду ишке ашырууда Борбор Азиянын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти. Алар эки өлкөнүн бардык тараптан кызматташуусун өнүктүрүү жана өзгөчө чек арага жакын облустардын ортосундагы алаканы жакшыртууга көңүл бурушту.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда башталган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду.

Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 15-16-сентябрь күндөрү өтүп жаткан саммитине катышууда. Президенттин басма сөз кызматы жыйында көп тараптуу кызматташуу, аймактык жана эл аралык саясий маселелер талкууланарын буга чейин билдирген.

Садыр Жапаров бул иш-чаранын алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Пакистандын лидерлери менен жолукту. (TSh)

Дагы караңыз

Мектептин терезесинен секирип кеткен кыздын абалы канааттандырарлыкКыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Рахмонали Төрт-Көчөдө жолукту "Кумтөр Голд Компанинин" мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыяланды Жарандык коом өлкөгө күчтүү парламент керек экенин билдирди