Кыргызстан чек арадагы окуяны Тажикстандын "куралдуу агрессиясы" деп баалады

Баткенден Кадамжайга качкан кыргызстандыктар.

Жекшембинин кечинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады.

"Тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринен улам 18-сентябрга карата Кыргызстандын 46 жараны курман болуп, 140 киши жараланды. 140 миңден ашуун адам аргасыз эвакуацияланды. Эбегейсиз материалдык чыгым келтирилди. Душанбенин "Тажикстан республикасына карата куралдуу агрессия жасалды" деген негизсиз билдирүүсүн жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга арта салууну көздөгөн суу кечпеген аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси "тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагында агрессия баштаганын, ошондой эле өзүм билемдигин жана кылмышын" күбөлөгөн фото-видео материалдар бардыгын, керек болсо аны көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.

"Тажикстан тарабынан өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекеттик чек араны бузбоо, талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күчкө салып коркутпоо, адам укугу жана эркиндигине шек келтирбөө сыяктуу БУУнун уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген негизги эл аралык принциптер одоно бузулду", - деп айтылган билдирүүдө.

Бул билдирүүдө Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр экенин да белгилеген.

Мындан бир нече саат мурда Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 46 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 140 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда. 140 миңден ашуун адам Баткен жана Ош облусунан эвакуацияланды.

Тажикстандын бийлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (BCh)

Дагы караңыз

Алла Пугачёва өзүн “чет элдик тыңчылардын” тизмесине кошууну талап кылдыАКШ: Кыргызстандыктар мекендештерине кол сунатБаткенге жардам катары 18 млн. сомдон ашык каражат чогулдуӨКМ: Баткенде дайынсыз болуп жаткандарды издөө улануудаЧек арада курман болгон Эламан Ураимов