Киев Орусия Түштүк-Украина АЭСин аткылап жатканын билдирди

Түштүк-Украина атомдук электр станциясы (АЭС).

Дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын аскерлери Түштүк-Украина атомдук электр станциясына (АЭС) ракеталык аткылоо жасады. Бул тууралуу Украинанын "Энергоатом" мамлекеттик ишканасы кабарлады.

“АЭСтин реакторлорунан 300 метр аралыкта өтө катуу жарылуу болду. Жарылуунун толкуну АЭСтин имаратына зыян келтирди, 100дөй терезе талкаланды. Түштүк-Украина энергокомплексинин курамына кирген Александр ГЭСинин бир гидроагрегаты өчүп калды. Мындан сырткары жогорку чыңалуудагы үч электр чубалгылары жарактан чыкты”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Учурда Түштүк-Украина атомдук электр станциясынын үч энергоблогу тең штаттык режимде иштеп жатат. Станциянын кызматкерлеринен эч ким жабыр тарткан жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Түштүк-Украина АЭСи Украинанын Николаев облусунун түндүн жагында жайгашкан. Ал фронттук линиядан 100 чакырым алыстыкта. Кол салуунун алгачкы күндөрү орус аскерлери ага жетүүгө аракет кылышкан, бирок бул багытта жеңилүүгө дуушар болушкан.

Украинада иштеп жаткан төрт атомдук электр станция бар. Алардын бири – Запорожье АЭСи апрелдин башынан тартып Орусиянын көзөмөлүндө турат. Анын аймагы да тынымсыз аткылоолорго туш болуп жатат. Муну үчүн Москва менен Киев бири-бирин айыптап келет. Эл аралык коомчулук станциянын айланасында куралсызданууга жана орус аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырып келет. (ErN)

Дагы караңыз

БУУнун кеңсесинин алдында чек арада курман болгондорду эскерген акция өттүПрезидент жарандарды интернеттеги чагымга алдырбоого чакырды Баткенге жардам эсебине 26 миллион сомдон ашуун каражат чогулду 20-сентябрда Ысык-Көлдө жана тоолуу аймактарда өткүн өтөтАкылбек Жапаров алдын ала эсеп боюнча Баткенде 282 объект талкаланганын билдирди