Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт

Сентябрь, күз. Кыргызстан.

21-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12 градуска чейин жогору болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок. Күндүз ала булут каптап турат, күндүз жаан жаай турган ыктымалдуулугу аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 28…30° чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы жардырылган көпүрөдө каттам жанданды Баткен: 824 тонна гумжардамдын 528 тоннасын демилгечилер өз алдынча жеткирдиБаткен: Качып баратканда ок тийген жети бала ооруканада Баткенде алгачкы эсеп боюнча 364 турак жай жабыркаганы кабарланды