Брюсселдеги кыргызстандыктар тынчтык акциясына чыгышты

Брюсселдеги тынчтык акциясына чыккан кыргызстандыктар. 28-сентябрь, 2022-жыл.

Бельгиянын баш калаасы Брюсселде отуз чакты кыргызстандык 28-сентябрда Баткендеги каргашага байланыштуу тынчтык акциясын өткөрүштү.

Алар шаардагы Евробиримдиктин кеңселери жайгашкан райондун борборуна чыгып, чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү жана шаркет жетекчилигин буга көңүл бурууга чакырышты.

Ушундай эле акциялар Германия, Чехия, АКШ, Түштүк Корея, Италия жана башка мамлекеттерде дагы өттү.

16-17-сентябрдагы чек арада кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргыз бийлиги кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылганын билдирген. Алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Дагы караңыз

Кадырбек Атамбаев парламент депутаттарынын вице-мэрге мамилесин сындадыУкраина орус бийлигинин жасалма референдумдарын айыптады"Менин жөлөгүм эле". Элзада 15 жашка чыкпай калдыУкук коргоочу Камил Рузиев соцтармакка жазган пикири үчүн суракка чакырылды