Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Укук коргоочу Камил Рузиев соцтармакка жазган пикири үчүн суракка чакырылды


Камил Рузиев
Камил Рузиев

Укук коргоочу Камил Рузиев Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгына суракка чакырылганын 28-сентябрда "Азаттыкка" маалымдады.

"Түптө зордуктоого кабылган оорукчан кыздын эжесине милиционерлер кысым көрсөтүп жатканы жөнүндө басылмалардын бирине айткан маалыматыма милиция түшүндүрмө алгысы келүүдө", - деди Рузиев.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Рузиев "коомчулукту адаштырып жатат" деп билдирди. Анын кысым тууралуу айтканын четке какты. Милиция укук коргоочуга түшүндүрмө алуу үчүн чакыруу жөнөтүлгөнүн тастыктады, бирок бул иштин Рузиевдин укук коргоочулук ишмердигине тиешеси жоктугун айтууда.

Камил Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, аларга укуктук жардам берип келгени менен белгилүү.

Эки жыл мурун ал "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG