Казакстанда сот орусиялык эки жаранды депортациялоону чечти

Орол шаарына келген орусиялыктар. 27-сентябрь 2022-жыл (Иллюстрациялык сүрөт)

Казакстандын Орол шаарынын административдик соту орусиялык эки жаранды депортациялоону чечти. Полиция алар мас абалында мушташ уюштурган деп маалымдаган. Бул тууралуу казакстандык Polisia.kz сайты жазды.

3-октябрда сот алар Казакстанда кала албайт деген чечим чыгарды. 21-сентябрда Орусияда мобилизация жарыяланып, миңдеген киши казак жергесине агылгандан бери мындай иш каттала элек болчу. Буга чейин казак Ички иштер министрлиги 30-сентябрда Оролдогу түнкү клубдун жанында мушташ чыкканын билдирген. Тартип коргоочулар мушташкандар мас болуп алып бирин-бири уруп-сокконун аныктаган.

Бейбаштык уюштургандар - Орусиянын 1992 жана 1995-жылы туулган жарандары кылмыш иштин негизинде беш суткага камалган.

Шейшембиде казак ички иштер министри Марат Ахметжанов акыркы эки жумада өлкөгө Орусиянын 200 миңдей жараны кирип, 147 миңдейи чыкканын билдирген. Андан тышкары Орусиянын жети жараны депортацияланды, айрымдары чек араны мыйзамсыз өткөнү, дагы бирөөлөр майда бейбаштык кылганы маалымдалган.

Орус президенти Владимир Путин мобилизация тууралуу жарыялагандан бери Орусиядан кетүүнү каалагандар көбөйдү. Алар негизинен Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Өзбекстанга агылууда.

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар кантип курчуган?Физика боюнча Нобел сыйлыгын Франция, АКШ, Австриянын окумуштуулары алды Акылбек Жапаров: Тажикстандын аракети ЖККУнун беделине шек келтиретКемпир-Абад маселеси: Өзгөндө президент эл менен жолугуп жатат Орус элчилиги мигранттардын мобилизациясы тууралуу кабарды четке какты