АКШнын Федералдык резервинин мурдагы башчысы Нобел сыйлыгын алды

Бен Бернанке

АКШнын Федералдык резервдер системасынын мурдагы башчысы Бен Бернанке, экономисттер Дуглас Даймонд жана Филип Дибвиг Нобелдин экономикалык илимдер боюнча сыйлыгынын лауреаттары аталды. Аларды сыйлоо аземи 10-октябрда Стокгольмдо өттү.

Окумуштуулар банктарды жана финансылык кризистерди изилдөөдөгү эмгектери үчүн сыйланышты. Алардын бул багыттагы иштери 1980-жылдардагы алгачкы изилдөөлөргө да пайдубал болуп бергени айтылды. Лауреаттардын изилдөөсү банктардын кыйрап калуусун алдын алуу өлкөлөрдүн экономикасы үчүн абдан маанилүү экенин көрсөткөнү Нобелдик комитеттин билдирүүсүндө белгиленет.

Даймонд менен Дибвигдин иштеринде банктардын кардарлар менен инвесторлордун арасындагы ортомчулугунун мааниси изилденген. Адистер банктар кризистик маалда өтө оор абалга кептелерин, калк жапырт акчасын чыгарып алган маалда банктар кыйрап калышы мүмкүндүгү белгилеген.

Бернанке АКШдагы Улуу депрессиянын себептерин жана кесепеттерин талдап чыккан. Анын изилдөөлөрүндө, салым салган кишилердин банктардан массалык түрдө качышы кризисти тереңдетип жибергени айтылат.

Экономика боюнча сыйлык Альфред Нобелдин керээзинде айтылган салттуу сыйлыктарынын катарына кирбейт. Аны Швециянын Улуттук банкы негиздеген жана каржылайт.

Бен Бернанке АКШдагы Улуттук банктын милдетин аткарган Федералдык резервдер системасында 2006-жылдан 2014-жылга чейин жетектеген. Бул аралыкта өлкөдө кенже Жорж Буш жана Барак Обама президент болгон.

Бернанке башчылык кылган учурга АКШдагы 2007-жылкы кризис, 2008-жылкы дүйнөлүк кризис жана башка окуялар туура келген. Ал АКШны кризистен чыгарып кетүүдө маанилүү роль ойногон. (ErN)

Дагы караңыз

Кулубаев Катардан Баткенди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү"Арчанын жытын, таза абаны сагынам"Украина “Чоң жетинин” шашылыш жыйынын өткөрүүнү өтүндүАк-Сайда жаңы турак жайлардын курулушу башталдыОрусиянын үч ракетасы Молдованын аймагына түштү