Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:54

Кулубаев Катардан Баткенди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү


Кыйраган үйүнүн жанында отурган Пайзилла Ысманов. Баткен, Капчыгай айылы. Сентябрь, 2022-жыл.
Кыйраган үйүнүн жанында отурган Пайзилла Ысманов. Баткен, Капчыгай айылы. Сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани менен жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты, соода, инвестиция, түз аба каттамдарын ачуу жана башка маселелерди талкуулады.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууда сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжал тууралуу да сөз болду.

"Баткенде куралдуу кол салуудан кыйраган инфраструктураны жана элдин турак жайын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү", - деп өтүндү Кулубаев Катар өкмөтүнөн.

Катардын тышкы иштер министри бул өтүнүч караларын убада кылды.

Жээнбек Кулубаев Мухаммед Аль Танини Кыргызстанга расмий сапар менен кетүүгө чакырды. Анын Катарга расмий сапары 8-9-октябрда болду.

2023-жылы Кыргызстан менен Катардын дипломаттык карым-катышына 25 жыл толот. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG