Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:19

Украина “Чоң жетинин” шашылыш жыйынын өткөрүүнү өтүндү


Киевге урулган ракеталык сокку. 10-октябрь, 2022-жыл.
Киевге урулган ракеталык сокку. 10-октябрь, 2022-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Олаф Шольц менен “Чоң жети” (G7) уюмуна кирген өлкөлөрдүн чукул жыйынын өткөрүп, Орусиянын жапырт ракеталык аткылоосунан кийинки өлкөдөгү соңку кырдаалды талкуулоону макулдашты. Бул тууралуу Зеленский Твиттердеги баракчасына жазды.

Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ кирген “Чоң жети” уюмуна быйыл Берлин төрагалык кылып жатат. Зеленский жыйынга онлайн катышуусу мүмкүн. Германиянын өкүлү жыйын шейшемби күнү өтүшү мүмкүндүгүн билдирди.

10-октябрдын таңында Орусиянын күчтөрү Украинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урду. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Одесса, Николаев, Тернопол, Винница, Кривой Рог, Запорожье, Львов баштаган ондогон шаарларга аткылоо болду. Бир катар объектилер талкаланып, ондогон адам өлдү.

Телеграм-каналында жарыялаган кыска видеодо украин президенти Владимир Зеленский кооптуу жагдай дале сакталып турганын айтып, калкты баш калкалоочу жайларга кирип турууга чакырды.

“Оор таң болду. Биз террорчулар менен алпурушуп жатабыз. Ондогон ракеталар, анын ичинде ирандыктардын "Шахиддери" бар. Алар энергобьектилерди жана жайкын тургундарды бутага алууда. Чабуул үчүн атайын ушул убакытты тандап алышкан. Бүгүн коргонуучу жайларда болуңуздар, коопсуздук эрежелерин сактаңыздар. Украина бул душманга чейин эле болгон, андан кийин да жашай берерин эсиңерден чыгарбагыла”, – деди Зеленский.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный орус тарап бул күнү шаарларга 75 ракета коё бергенин, анын 41ин Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөнүн тактады.

Улуу Британия, АКШ жана Евробиримдик жайкын тургундардын өлүмүнө алып келген Орусиянын чабуулдарын кескин айыптады. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик Орусияга жаңы санкцияларды киргизүүнү караштырып жатканын айтса, шаркеттин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел Украинага жаңы аскердик жардамды убада кылды.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин буга Украинанын атайын кызматтарын айыптаган. Мурдараак Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Крым көпүрөсүндөгү соккуга жооп катары катуу чабуул жасаларын айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG