Чех парламенти Орусиянын режимин "террордук" деп тааныды

Украин президентинин чех парламентине кайрылуусу. 15-июнь, 2022-жыл

Чехия парламентинин төмөнкү палатасы Орусиянын режимин "террордук" деп тааныган резолюцияны кабыл алды. Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, шейшембиде тиешелүү документ колго салынганда аны 200 депутаттын 129у жактырды, 14ү каршы болду, 57си добуш берүүгө катышкан жок.

Резолюцияда Орусиянын Украинага басып киргени, энергетикалык инфраструктурасына сокку урганы айыпталат, кошуна өлкөнүн кээ бир аймактарын аннексиялап алуу үчүн өткөрүлгөн референдумдардын жыйынтыктары таанылбасы айтылат.

Депутаттар согуш кылмыштарын иликтөө үчүн эл аралык трибунал түзүү демилгесине колдоосун билдиришти.

Еврошаркет эмбарго киргизгенден кийин Чехия Орусиядан газ сатып алып жаткан бир нече өлкөгө кирет.

Буга чейин Латвия, Литва жана Эстония Орусияны "терроризмдин демөөрчүсү" деп тааныган. АКШнын Сенаты Ак үйдөн ушундай эле кадамга барууну талап кылган. Москва режимин террордук деп атаган резолюцияны Европа кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы да кабыл алган.

Дагы караңыз

Чек ара чырында жабыркагандардын маселеси парламентте көтөрүлдүБишкекте Төлөмүш Океевге арналган көргөзмө өтөтБишкек мэриясы жарнама такталарынан жылына 37 миллион сом табат