Улуттук банк валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар сатты

АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы 16-ноябрда доллардын курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар сатты. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн негизги банкынын сайтына жарыяланды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 84 сом 42 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 84 сом 50 тыйындан сатып алынып, 85 сом 50 тыйындан сатылууда.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жетип кайра арзандаган.

АКШ валютасынын олку-солку абалынан улам Кыргызстанда накталай долларды табуу кыйын болуп жатканын ишкерлер менен кардарлар айтышууда. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш Кемпир-Абад маселесин карайт “Кемпир-Абадды коргоо комитети” депутаттарга кайрылдыКыргызстан-ЕБ кызматташтыгы боюнча келишим талкууландыШаардык сот Темировго каршы прокуратуранын апелляциялык арызын карайтБайден: Польшага тийген ракета Орусиядан атылган деген ыктымалдык азПарламент “Азаттыктын” журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтоттуG20 саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынды