Бишкекте милиция кызматкерлерине карата жети кылмыш иши козголгон

Милиция кызматкерлеринин зомбулугуна каршы акциядан. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.

2022-жылдын тогуз айында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлерине карата жети кылмыш иши козголгон. Бул иштердин алкагында 17 милиция кызматкери жоопко тартылды. Бул маалыматты башкармалыктын жетекчиси Азамат Ногойбаев Фейсбук аркылуу түз эфирде билдирди.

"Милиция кызматкерлери түрдүү кылмыштар боюнча жоопко тартылып жатышат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички коопсуздук кызматы аркылуу милиция кызматкерлеринин арасындагы тартип бузууларды аныктоо иштери жүргүзүлүп турат", - деди Ногойбаев.

Кылмыш иши козголуп, соттолгон милиционерлердин арасында 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган эки кызматкер бар. Быйыл августта Свердлов райондук соту алардын ар бирин 15 жылдан эркинен ажыраткан. (ZKo)

Дагы караңыз

Улуттук банктын жетекчисин Жогорку Кеңешке чакыруу талабы көтөрүлдү (видео) Исхак Масалиев Кумтөр кени боюнча депутаттык комиссиянын жетекчилигинен кеттиПарламентте Жээнбеков менен Зулпукаровдун кылмыш иши боюнча маселе көтөрүлдү (видео)Укугу азайган парламент, укуругу узарган президент Акаев: Жамгырчиевдин үйүнөн үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылды (видео)Бир шаарды баккан Майлуу-Суу заводу