Сасык тумоодон улам Кыргызстанда 204 мектеп карантинге жабылды

Кыргызстандагы мектептердин бири.

Сасык тумоодон улам окуучулардын сабакка келбей жатканына байланыштуу Бишкекте дагы 32 мектеп карантинге жабылып, онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриядан билдиришти.

13-декабрда Бишкекте 50 мектеп текшерилип жыйынтыгында борбордогу сегиз мектеп карантинге жабылган. Эреже боюнча, эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса, мектептерде карантин киргизүү маселеси каралат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстан боюнча 204 билим берүү мекемеси карантинге жабылды.

Анын ичинде Чүй облусунда 32, Таласта 111, Ысык-Көлдө үч, Жалал-Абадда алты, Ош облусунда 12 жана Бишкек шаарында 40 мектеп онлайн окутууга өттү. Өлкөдө 2357 мектеп бар.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

Болот Темиров Кыргызстанга беш жылга чейин кире албайтКытай менен Индиянын чек арасында аскерлер кагылыштыЫш маселеси: ЖКда Бишкектин мэрин кызматтан алуу сунушу көтөрүлдүУКМК Кара-Көлдө тергөөчү жана адвокат пара менен кармалганын маалымдады Каракалпакстан: айыпталгандардын айрымдары аскерлерден кечирим сурады