Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

УКМК Кара-Көлдө тергөөчү жана адвокат пара менен кармалганын маалымдады


Жалал-Абадда тергөөчү менен адвокат пара менен кармалды.
Жалал-Абадда тергөөчү менен адвокат пара менен кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 14-декабрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү (А.М.Ш.), адвокат (Т.З.М.) жана жеке аудитор (Т.С.Т.) 100 миң сом пара менен кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алышып, арыздануучу адамга (Б.К.С.) кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун чечимин чыгаруу үчүн опузалап акча талап кылган.

Козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатканы айтылды.

Шектүү тарап жана алардын адвокаттарынан комментарий боло элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG