Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Ыш маселеси: ЖКда Бишкектин мэрин кызматтан алуу сунушу көтөрүлдү


Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында бир катар депутаттар Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу маселесин көтөрүштү. Буга Бишкекте ыш маселесин чечүү боюнча маалымат берүүгө Эмилбек Абдыкадыровдун келбегени, кара түтүн менен күрөшүүгө чара көрбөгөнү негиз экени айтылды. Депутат Айбек Алтынбеков ушундан улам калаа башчысынын кызматын кароо сунушун берди.

“Бишкек ыш. Маселени чечүүгө биринчи кезекте мэр кызыкдар болушу керек. Шаардын тазалыгы, Бишкектин жашоочуларынын ден соолугу мэрдин көзөмөлүндөгү иш. Ал кишини жыйынга чакырыш керек. Эгерде келбесе, кызмат ордун карайлы. Мэр эмне иш кылып атканын билебиз. Бишкектен жерлерди алып өзүнүн фирмаларына, жеке өзүнө курулуштарды кылып жатканын баарыбыз билебиз. Ал киши мэрликке борбордогу майлуу-сүттүү жерлерди өзүнө алыш үчүн гана келген”.

14-декабрда Жогорку Кеңеш Бишкекти каптаган түтүн боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү мекеме жетекчилерин, анын ичинде Эмилбек Абдыкадыровду да чакырган. Бирок жыйынга баяндамачы катары дайындалган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев да келген жок. Жыйынтыгында маселени кароо 15-декабрга жылды.

“Мэр каякта экенин эч ким айта албайт. Мэр ыш боюнча, кыш боюнча эмес, футбол ойнош керек. Ойлуу турам балкондо, футбол болот ал тондо деп. Футбол өтө таасирдүү болуп аткан учурда элдин кыштан ышка көмүлүп калышы ага анчалык деле таасир бербейт”, - деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Жыйынга Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев келген. Ага сөз берилген жок. Ал эми Эмилбек Абдыкадыров айтылган сын-дооматтарга жооп бере элек.

14-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтүп жатат. Ага 16 команда катышууда.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев ыш маселеси парламентте каралып, токтом кабыл алынганда Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу сунушу да киргизилерин айтты.

Бишкек шаары бир нече күндөн бери дүйнөлүк рейтингде абасы эң булганыч шаар катары биринчи орунда келе жатат. Бул маселе калаада ар жыл сайын кышында күн тартибине чыгат.

Быйыл февраль айында президент Садыр Жапаров Эмилбек Абдыкадыровду Бишкектин мэри кылып дайындаган.

64 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров ишкер катары да белгилүү. Ал “Нур Строй Монтаж”, “ЭлитТауэрс” деген курулуш компанияларынын, “Кереге проект”, “Алма”, “Сары-Таш”, “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ишканаларынын ээси.

Бишкекте таштанды, транспорт, түтүн көйгөйү чечилбегендиктен, калаа башчыга сын-пикирлер айтылып жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG