Пакистанда бир нече кишини барымтага алган талиб согушкерлери жок кылынды

Банну шаарына кетчү жол. 20-декабрь, 2022-жыл

Пакистандын атайын күчтөрү Банну шаарында терроризмге каршы борборунда бир нече кишини барымтага алган бардык талиб согушкерлерин жок кылды. Шаар Ооганстан менен чектешкен Хайбер-Пахтунхва чөлкөмүндө орун алган.

Коргоо министри Хаважа Асиф шейшембиде Пакистан парламентинде айтканына караганда, "Техрик-и-Талибан" уюмунун 33 жоочусу Баннудагы борбордо кармалып жаткан жеринен күзөтчүнүн куралын тартып алып, комплексти басып алганда бир нече киши барымтада калган.

Асифтин айтымында, 40 саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаган соң армиянын атайын бөлүгү комплекске чабуул койду.

Бардык согушкерлер жок кылынды, пакистандык эки аскер окко учту, 15 киши жаракат алды. Барымтада кармалгандардын канчасы бошотулганы белгисиз.

“Азаттыктын” булактары билдиргендей, туткунга алынгандардын бардыгы аскерлер болчу, үчөө операция маалында жараат алды.

Маалыматка караганда, согушкерлер Ооганстанга өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилсе, туткундагылар бошотулат деген талап коюшкан.

Дагы караңыз

Адвокат: Орозайым Нарматова жеке диагностикалык борборго жеткирилди ЖМК мыйзамы боюнча түзүлгөн жумушчу топ биринчи жыйынга чогулду Төлөнов өкмөттү Салык кодексин кабыл алууга шашпоого чакырды Нарматованын адвокаты ал толук текшерүүдөн өтүүгө жетишпей калганын айтты