Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

ЖМК мыйзамы боюнча түзүлгөн жумушчу топ биринчи жыйынга чогулду


"Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ бүгүн, 20-декабрда алгачкы жыйынга чогулду. Президенттик аппарат сунуштарды иштеп чыгып, биринчи вариантын жаңы жылга чейин жумушчу топтун мүчөлөрүнө таратып бермей болду. Жумушчу топтун кийинки жыйыны 23-январга белгиленди.

Президенттик администрация сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ 5-декабрда түзүлгөн. Ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген. 7-декабрда анын курамын бекиткен тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жумушчу топту Муратбек Укушев жетектейт.

Президенттик администрация өткөн айда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан.

"Адилет" укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда "адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар" деген бүтүм чыгарган.

15-ноябрда өткөн жыйында президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG