Ирандык шахматчы кыз дүйнөлүк чемпионатка жоолуксуз катышты

Ирандын мыкты шахматчы айымы Казакстандагы эл аралык турнирге хижабсыз катышты. Бул Иранда сентябрда полициянын абагында каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу кеңири жайылган нааразылык акцияларына тилектештиктин белгиси катары сыпатталууда.

Ирандын маалымат агенттиктери 26-декабрда гроссмейстер Сара Хадем Алматы шаарында өткөн FIDE World Rapid and Blitz Chess Championships мелдешине жоолуксуз катышканын жазышты.

Сентябрдын ортосунда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан кийин Адеп-ахлак полициясында каза болгон. Бул окуядан кийин Иранда кыз-келиндердин укугун коргоого чакырган нааразылык акциялары тутанган. Демонстрацияларды күч менен басуу аракетинде жүздөгөн адам өлдү. Акция катышуучулары кармалып, айрымдары дарга асылды.

Ирандык футболчулар да демонстранттарга тилектештигин билдирип, жакында Катарда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартышкан.

Иранда Ислам Республикасында кыз-келиндер жоолукчан жүрүүгө милдеттендирилген.

Кеңири жайылган демонстрацияларды эксперттер 1979-жылдагы ыңкылаптан берки ислам өкмөтү үчүн эң чоң коркунуч катары сыпаттап жатышат.

Дагы караңыз

Өзбекстан: “Док-1 Макс” окуясынан улам министр ата-энелерден кечирим сурадыПрезидент Жапаров мамлекеттик кызматкердин маянасы 100 миң сомго жетип жатканын айтты Орусиянын чек арачыларына ижарага жер берүү келишими колдоо таптыЛейлекте кыргыз-тажик милициясы уурдалган малды алмашты