Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Орусиянын чек арачыларына ижарага жер берүү келишими колдоо тапты


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Парламенттин 28-декабрдагы жыйынында Орусиянын Чек ара кызматына Бишкек шаарынан 1,5 миң чарчы метрге жакын жерди ижарага берүү маселеси үч окууда каралып, колдоо тапты.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров 2000-жылы 25-июлда Кыргызстан менен Орусиянын чек ара кызматкерлеринин биргеликте иш алып баруусу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди. Ага ылайык, кыргыз тарап орусиялык чек ара кызматкерлери менен алардын үй-бүлөсүн турак жай менен камсыздоо милдетин алган.

"2013-жылга чейин алар Сокулук районунун Новопавловка айылында турушкан. Ал имараттар жараксыз абалга келгенине байланыштуу Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектиси менен Күрөңкеев көчөсүнүн кесилишкен жерден эки имаратты жеке тараптан ижарага алып иштетип келишиптир. Ошол имараттарды сатып алышыптыр. Бул боюнча кошумча келишим да түзүлдү. Эки имараттын тегерегиндеги жер тилкеси 1480 чарчы метрди түзөт, ал жер чет өлкөлүктөргө берилбейт. Ошол себептүү ал жерди көп жылдык пайдаланууга ижарага берүү сунушталып жатат", - деп түшүндүрдү Бакиров.

Кыргызстанда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам чек ара тобунун өкүлчүлүгү иштейт.

Быйыл жайында Ош шаарындагы жол кырсыгында каза болгон үч адам орус чек арачылары экенин жазышкан. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Оштогу Башкы консулдугу бул боюнча расмий маалымат берген эмес. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG