Кемпир-Абад иши: Жээнбеков камоолор мыйзамсыз болгонун билдирди

Равшан Жээнбеков.

Кыргызстандын Адвокаттар ассоциациясы Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандар мыйзамсыз кармалган деп эсептей турганын саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Ал 5-январда “Фейсбуктагы” баракчасына ассоциациянын түшүндүрмөсүн жарыялады.

Түшүндүрмөдө адегенде тийиштүү экспертиза жүргүзүлүп, камакка алуу же албоо чечими ошондон кийин гана кабыл алынышы керек болгону белгиленген.

“Башкача айтканда, кылмыш жообуна тартып, бөгөт чарасын аныктоо алдында тергөө экспертизанын жыйынтыгын алышы керек болчу, азырынча экспертиза аяктай элек”,- деди камактагылардын бири Жээнбеков.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Шаардык сот аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырылды.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Караколдо эл аралык туристтик жарманке ачылды Өкүлдөр палатасынын спикери алты аракеттен кийин дагы шайланбай калды Франция Украинага дөңгөлөктүү танк, чопкутталган жол тандабастарды берет ИИМ: Былтыр 13 миң мас айдоочу кармалган