Казак активисттери эми Киевге боз үй тигишти

Киевдеги боз үйдүн ичи.

Украинадагы казак активисттери Киевдин борборуна дагы бир боз үй тигип, суукта элге тамак-аш таратып жатат.

Бир аптадай мурун Буча шаарына активисттер биринчи боз үйдү тигип, ал жерде да тургундарга ысык тамак уюштура баштаган. Согуштун каарын тарткан украиндерге тилектештик көрсөткөн бул окуя Москванын кыжырын келтирип, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Астанадан түшүндүрмө талап кылган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров бул иш-чарага Астананын тиешеси жок экенин айтып, "жеке компаниялардын демилгеси" деп билдирген. "Биз аларга тыюу сала албайбыз. Өздөрү чогултуп, өздөрү жеткирип, өздөрү орнотуп, өздөрү жардам беришет. Боз үй тигүүдө эч кандай маселе көргөн жокпуз" - деди Акордонун өкүлү.

Казак бийлиги Орусиянын Украинага басып киргенин расмий айыптаган эмес. Бирок өздөрүн "Донецк элдик республикасы", "Луганск элдик республикасы" деген аймактарды тааныбай турганын билдирген. Согуш башталгандан бери Казакстан Украинага бир канча жолу гуманитардык жардам жөнөттү.

Дагы караңыз

"Улуттук электр тармагы" жарык кыска мөөнөткө өчүшү ыктымал экенин эскерттиТашкент Кабулда 21 кишини набыт кылган терактты айыптадыАшхабадда сууктан улам түтүктөрдө суу тоңуп калдыУкраина Соледар орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөнүн четке какты