Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Ташкент Кабулда 21 кишини набыт кылган терактты айыптады


"Талибандын" өкүлү Тышкы иштер министрлигинин жанындагы кол салуудан кийин коопсуздукка көзөмөл салып турат. Сүрөт караңгыда тартылган. 11-январь, 2023-жыл.
"Талибандын" өкүлү Тышкы иштер министрлигинин жанындагы кол салуудан кийин коопсуздукка көзөмөл салып турат. Сүрөт караңгыда тартылган. 11-январь, 2023-жыл.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кабул шаарында Ооганстандын тышкы иштер мекемесинин имаратынын жанында болгон террордук чабуулду кескин айыптаган билдирүү таратты.

"Бул жийиркеничтүү окуяда көптөгөн адамдар, негизинен тышкы саясат мекемесинин кызматкерлери набыт болду. Маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз", — деп жазылган маалыматта.

11-январда Кабулда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында жанкечти өзүн жардырганда бери дегенде 21 киши каза болуп, 40тан ашууну жараат алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алды.

12-январда бул чабуулду Кытай айыптаган.

Ооганстанда 2021-жылдын августунда талибдер бийликти басып алган. Андан бери өлкөдө алар менен касташкан “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулдары күчөдү.

Ооганстанда айрыкча аялдардын укугун кескин басмырлаган талибдердин бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт.

"Талибан" кыймылы, "Ислам мамлекети" тобу көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG