Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Чехияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өтүп жатат


Талапкерлердин бири Петр Павел шайлоочулары менен.
Талапкерлердин бири Петр Павел шайлоочулары менен.

Чехияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өтүп жатат. 13-14-январдагы жарышта тогуз талапкер ат салышат.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, экинчи турга отставкадагы генерал Петр Павел, экономист Дануше Нерудова жана мурдагы премьер-министр Андрей Бабиш чыгышы ыктымал.

Бабиш азыр эң ири оппозициялык партиянын лидери жана миллиардер. Ушул аптада сот аны Евробиримдиктин субсидиясына байланыштуу алдамчылык иши боюнча актаган.

Серепчилердин айтымында, сот чечими ал үчүн шайлоодо оң жыйынтык бериши мүмкүн. Бабиштин шайлоочуларынын өзөгүн пенсионерлер жана аз камсыз болгондор түзөт.

Петр Павел Чехиянын жана мурдагы советтик блоктун өлкөлөрүнүн тарыхында НАТОнун Аскердик комитетинин биринчи жетекчиси (2015-2018-жылдары) болгон. Ал Орусиянын Украинага басып киришине каршы катаал турумду карманып, Чехиянын батыш багытын жактайт. Аны негизинен оңчул, консервативдүү жана либералдык көз караштагылар колдойт. Талдоочулар Петр Павелдин утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп эсептешет.

Дануше Нерудова - экономист, жеке университеттин мурдагы ректору, эгер шайланса, Чехиядагы алгачкы президент аял болот. Анын кампаниясы негизинен жаш шайлоочуларга багытталган. Билим берүү, тең укуктуулук маселесин көбүрөөк көтөрөт, Украинаны колдойт.

Чехия парламенттик республика, бирок өлкөдө президенттин таасири да олуттуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG