Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Ашхабадда сууктан улам түтүктөрдө суу тоңуп калды


Ашхабадда тартылган сүрөт.
Ашхабадда тартылган сүрөт.

Түркмөнстандын түштүгүндөгү Мары облусунда абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөдү.

Жолдор тайгак болуп, калктуу конуштарда үйлөрдө газ өчүрүлүп, суу түтүктөрү тоңуп калганын "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү тургундарга таянып кабарлады. Адаттан тыш сууктан улам базарларда соода күркөлөрүнүн көбү жабык турат.

Баш калаа Ашхабаддын тургундары да суу түтүктөрү тоңуп калганын айтып жатышат. "Азаттыктын" аталган калаадагы кабарчысы кичирайондордогу дүкөндөрдө жана көптөгөн үйлөрдө суу жоктугуна күбө болду. Жашоочулар музду ысык суу менен эриткенге аракет кылган айрым учурларда түтүктөр жарылып кеткен окуялар катталган.

"Азаттык" бул маалыматтарды расмий органдардан тастыктай алган жок. Түркмөнстандын жетекчилиги калктуу конуштардагы бул көйгөйлөрдү адатта моюнга албайт.

Борбор Азия мамлекеттеринде 10-январдан тарта бир апта бою адаттан тыш суук болуп жатат. Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын гидромет борборлору абанын температурасы калктуу конуштарда дээрлик -30 градуска жетерин эскерткен. Айрым шаарларда жылынуучу жайлар уюштурулуп, ысык чай, тамак таратылууда.

XS
SM
MD
LG