Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

"Улуттук электр тармагы" жарык кыска мөөнөткө өчүшү ыктымал экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасы өлкө аймагында электр кубаты менен камсыздоодо кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуроолор болушу ыктымал экенин эскертти.

Мекеменин 13-январдагы маалыматында “Электр энергиясын керектөө кескин көбөйгөндүктөн электр түйүндөрүнө жана жабдыктарга күч келүүдө, айрыкча мындай көрүнүш электр жарыгы эң көп колдонулган учурларда катталууда. Ошондуктан жабдыктарды ысып кетүүдөн коргоо жана алардын жарактан чыгып калуусуна жол бербөө үчүн кыска убакытка токтотуулар болушу мүмкүн” деп айтылды.

Ишкана керектөөчүлөргө кайрылып, электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырды.

Кыргызстанда бул күндөрү кыштын эң суук мезгили болуп жатат. Синоптиктердин айтымында, 16-январдан тартып аба азыркыга караганда жылуураак боло баштайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG