Пакистанда укук коргоочу Абдул Латиф Афридини сотто атып кетишти

Абдул Латиф Африди

Пакистанда юрист, укук коргоочу жана улутчул саясатчы Абдул Латиф Африди киши колдуу болуп көз жумду. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери ал Пешавардагы куралдуу кол салууда каза болгонун маалымдады.

"Леди Рединг" ооруканасынын басма сөз катчысы Мохаммад Асим Машалдын айтымында, 80 жаштагы Афридини 16-январда чак түштө Пешавардын Жогорку сотунун имаратында атып кетишти.

Куткаруу агенттигинин кызматкерлери аны ооруканага алып баратанда көз жумган.

Пешавар полициясынын офицери Кашиф Афтаб кол салууга шектелген адам кармалганын журналисттерге айтты. Ал окуя тыкыр иликтенери, кол салган киши куралды соттун имаратына кантип алып киргени такталып, шалаакылык кылгандарга чара көрүлөрүн кошумчалады.

Ким кол салганы жана эмне үчүн мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

Абдул Латиф Африди - Пакистандын Ооганстанга чектеш провинциясындагы пуштундардын лидери, Пешавардагы соттор ассоциациясынын төрагасы катары белгилүү.

Дагы караңыз

Депутаттар кылмышка аралашкан спортчуларды наамынан ажыратууну сунуш кылдыНепалда кулаган учактагы төрт адамдын дайыны чыкпай жатат"Вкусно – и точка" Казакстанда каттоодон өтүүгө арыз бердиЭки миңдей кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилди