Азербайжан Тегерандагы элчилигинен кызматкерлерди эвакуациялоодо

Азербайжандын элчилиги. Тегеран.

29-январда Азербайжан Тегерандагы элчилигинде иштеген кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн Ирандан эвакуациялай баштады. Бул тууралуу Reuters агенттиги Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине таянып билдирди.

27-январда куралчан адам элчиликке кол салганда дипломатиялык өкүлчүлүктүн коопсуздук кызматынын башчысы окко учуп, дагы эки күзөтчү жараат алган.

Tasnim агенттигинин маалыматына караганда, куралчан адам эки кичинекей бала менен элчиликтин имаратына кирип барган. Кармалгандан кийин ал кол салууга жеке жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрү себеп болгонун билдирген.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев куралдуу кол салууну теракт деп баалаган. Тегеран окуяны иликтеп жатат.

Дагы караңыз

Пакистанда кайык оодарылып, кеминде 12 бала каза болдуИталия Ливия менен 8 миллиард долларлык газ келишимине кол койдуТалибдер университеттерге кыз-келиндерди кабыл албоону эскерттиЖапония Орусияга салынган санкцияларды кеңейттиИрандын аскердик заводуна чабуул жасалды