Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Италия Ливия менен 8 миллиард долларлык газ келишимине кол койду


Жоржиа Мелони
Жоржиа Мелони

Италия Ливия менен 8 миллиард долларлык газ келишимине кол койду. Мындай макулдашууга премьер-министр Жоржиа Мелони иш сапар менен Ливияга барганда жетишилди.

Өкмөт башчынын айтымында, Италия менен Ливия биргелешип көгүлтүр отун жеткирүүгө, Ливиядагы жаратылыш газ тармагын өнүктүрүүгө 8 миллиард доллар инвестиция салат. Бул - Ливиянын энергетика тармагында акыркы 20 жылдагы эң чоң инвестиция.

Келишимге мамлекеттик монополист компаниялар - италиялык ENI жана Ливиянын улуттук мунай корпорациясынын жетекчилери кол коюшту.

Жоржиа Мелони Ливиядан мурун Алжирге барган. Бул өлкө Италияга негизги газ жеткирүүчү болуп эсептелет. Ал жакта италиялык ENI жана алжирдик Sonatrach компаниясы энергетикалык коопсуздук жана уулуу газдардын атмосферага бөлүнүп чыгышына каршы күрөшүүнү макулдашты.

Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу Москвага бир катар экономикалык санкцияларды салган Евробиримдиктин өлкөлөрү энергияны башка өлкөлөрдөн сатып алууга өтүүдө.

Январдын ортосунда Орусиянын энергетикалык ресурстарынын негизги кардары болгон Германия толугу менен башка жеткирүүчүлөргө өткөнүн жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG