Азербайжанда 40тай адам "тыңчы" деп кармалганы айтылууда

Азербайжандын полиция департаменти. Иллюстрация.

Азербайжанда "Ирандын тыңчылары" деген шек менен 40ка жакын адам кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Алар кимдер экени азырынча белгисиз. Бир күн мурун жети адам колго түшкөнү кабарланган.

Ички иштер министрлиги Бакуда жана аймактарда атайын операция жүргүзгөн. Колго түшкөндөр "динге жамынып, кутум уюштурганы, социалдык түйүндөрдү колдонуу менен Ирандын пайдасына үгүт иштерин жүргүзүшкөнү" айтылууда.

Укук коргоо органдары бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Тегеран да буга комментарий бере элек.

27-январда Азербайжандын Ирандагы элчилигине жасалган куралдуу кол салууда коопсуздук кызматынын башчысы көз жумуп, эки кызматкери жараат алган. 29-январда элчиликтин кызматкерлери эвакуацияланган.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Азербайжандын лидери Илхам Алиевге телефон чалып, көңүл айткан. Раиси ошондой эле "Иран менен Азербайжандын өкмөттөрү карасанатайлардын эки элдин мамилесин бузууга жол бербейт" деген. Полиция шектүүнү кармаган. Иран бийлиги бул кол салуунун саясий мотиви жок деп эсептейт.

Дагы караңыз

Казакстандык басылмага Орусиянын сотунан чакыруу келдиТалас: Чоң-Капкада жүк ташуучу машинелердин кезеги пайда болдуЖерүй кенинен эки жылда жети тонна алтын казылдыКыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү жаңы техника менен толукталды