Депутат АРИСтин иши боюнча маалымат алуу сунушун берди

Сүйүнбек Өмүрзаков.

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишмердүүлүгүнө нааразылык көп экенин айтып, акыркы беш жылда аткарган иштери боюнча маалымат алуу сунушун берди.

Бул тууралуу ал парламенттин 2-февралдагы жыйынында демилге көтөрдү:

“Баткендин Сүлүктү шаарынын тургундары таза суу долбооруна 220 млн. сом бөлүнгөнүн бирок проект аягына чейин чыкпаганын айтышууда. Мындай нааразылыктар башка да аймактарда бар. Ушундан улам АРИС акыркы беш жылда эмне иш кылды элге маалымат берсе жакшы болот эле”.

19-январда президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков былтыр Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта талкаланган социалдык обьектилерди куруу чыгымын АРИС 123 млн. сомго кымбат баалаганын жазган. Ал тендерде АРИС социалдык мекемелерди курууга 452 млн. сомдон көп акча кетет деп эсептегенин, мамлекет альтернативдүү рыноктогу баа менен салыштырып баа 123 млн. сомго көп бааланганы аныкталганын билдирген.

АРИС ушул тапта тендердик процесс гана жүрүп жатканын (сунуштарды баалоо) жана келишимдерге кол коюла электигин билдирген. Курулуш бааларын жогорулатылганы жөнүндө маалыматтан кийин долбоордук-сметалык документтер текшерүүгө жөнөтүлгөнүн кабарланган.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) 2003-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен түзүлгөн.

АРИС жакырчылыкты жоюуга, ишкерликти өнүктүрүүгө жана колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин чыңдоо үчүн негизделген. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ элчиси Кыргызстанда эркин медиалар көбөйүшү керектигин айттыУлуттук банк беш акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтоттуKloop веб-сайтын бөгөттөө тууралуу бийликтен эскертүү алганын жаздыЖети эл аралык уюм "Азаттык" жана сөз эркиндигинин абалы боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду Азербайжанда 40тай адам "тыңчы" деп кармалганы айтылууда“Кемпир-Абадды коргоо комитети” башкы прокурорго кайрылды