Өзбекстан: дарыканаларды тескеген агенттиктин башчысы камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда Саламаттык сактоо министрлигине карашуу Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттигинин башчысы дагы бир канча шериги менен кармалды. Коррупцияга каршы күрөш агенттиги алар жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" жана "Амбронол" дарылары балдар өлүмүнө алып келген фактыларды иликтөөнүн алкагында камалганын кабарлады.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө каржылык бир топ ката кеткени, мамлекеттин акчасын сарптоодо эреже-талаптар сакталбаган учурлар болгону аныкталып, кылмыш иши козголду",-деп айтылат маалыматта.

Өзбекстанда былтыр жыл аягында Индияда чыгарылган "Док-1 Макс"дарысын ичкен 20 бала чарчап калган. Мындан улам Кыргызстанда да бул препаратты сатууга, колдонууга тыюу салынган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай учурлар Өзбекстандан сырткары Гамбия менен Индонезияда да катталып, жалпысынан бери дегенде 300 бала көз жумаганын билдирген жана иликтөө баштаган.

Дагы караңыз

Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөтОшто опузалап акча талап кылууга шек саналып спортчулар кармалдыТүркия: кыргыз куткаруучулары уранды алдынан тирүү адамды таап чыкты Словакия Украинанын МиГ-29 аскер учагын жөнөтүү өтүнүчүн карайтТүркия менен Сирияда зилзаладан набыт болгондор 24 миңге чамалады “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жоюлат